super.kg logo

Ошто 20 миң сомго бааланган ымыркайдан туугандары баш тартууда

 

"Ош шаарында 20 миң сомго бааланган ымыркайды туугандары алуудан баш тартты", - деп 27-мартта Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, бала Ош шаарындагы үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна берилген, борбордун кызматкерлери ымыркайды алты айга чейин карашат. Анын саламаттыгы жакшы.

"Баланы таенеси сатканы маалым болду. Ымыркайды сатканга шектелип кармалган аялЫмыркай кыздын төрөлгөнүнө 11 күн болуптур. Апасы Өзгөн районунун тургуну экен. Ал менен сүйлөшкөнүбүздө баланы багууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты. Бул маселе менен ымыркайдын энесинин эжесине кайрылсак, өзүнүн балдары бар экенин, дагы бир баланы бага албай турганын айтты. Ушундай эле жоопту көз жарган келиндин сиңдисинен да уктук. Бала толук кандуу үй-бүлөдө төрөлгөн эмес деген божомолдор бар, анткени анын атасы тууралуу такыр маалымат жок.

Учурда көз жарган келиндин башка жакын туугандары менен байланышып, сүйлөшүү аракеттери жүрүп жатат. Эгер жакындарынын баары аны багып алуудан баш тартса, ымыркай соттун чечими менен асырап алууну каалаган үй-бүлөлөргө берилет", - деди Раева.

Ал белгилегендей, азыркы тапта ымыркай кыздын таенеси, 59 жаштагы М.Л. убактылуу кармоочу жайда. Буга чейин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Ош шаарында небересин 20 миң сомго сатканга шектелип аял кармалганын маалымдаган.


кошулду





Ошто 20 миң сомго бааланган ымыркайдын туугандары аны багып алуудан баш тартышууда

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
27.03.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироого кор дуйно, бироого зар дуйно... Бала жытына зар болуп жургондор канча.
Makedonia түзөттү 2018-03-27 14:58:22
27.03.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иииий жаман журогум ооруп жатат, бакпаса ХХХХХХХ тородунбу, айта берсе соз коп жатышы жатып алып, куноосуз наристени кыйнайсынар, ХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-27 16:16:06
27.03.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аттиң бейкүнөө наристеге боорум ооруп жатат. ... Ата сөрөйү кайда жүрөт болду экен
27.03.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
NURSAPAR,Ата соройун таптыртып ДНК менен мойнуна койдуртуп туруп,жоопко тартыш керек, баланын торолушуно бир эле эне жоопту эмес да. Ал энеси (сойку эле болбосо)билет да атасы ким, кайда жургонун, ошол энеси аркылуу атасын таптырыш керек,жооп берсин энеси да атасы да. Ортодо наристенин тайнесин жоопко тартпай.Балким ал энеси озу кардаал таап апасын жоноткондур сатып келиниз деп. Эгерде ал эне сойкулук менен алектенсе, анда кайсы эркектен боюна бутконун билбей деле калса керек.
27.03.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Урматтуу Супер Инфо мага тел номурун дарегин бере аласыздарбы. Мен багып алам толук мумкунчулугум бар 2 кыздын атасымын.
27.03.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akshumkar,
Ошол аймактын соц кызматка кайрылып корсонуз, кайсы документтерди даярдаганды айтат
27.03.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироо жете албай журсо, бироо кутула албай журот.
27.03.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биз бала таппай жургонбуз багып алганы кантип байланышса болот?
27.03.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эгер берсе мен деле багып алат элем,жубайым экообуз кичинекей наристенин жытына ото зар болуп турган кезибиз.
27.03.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен багып алмакмын. Кандай жолдун бар
27.03.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен деле багып алмакмын . Балама шерик кылып
SUPER.KG видео
27.03.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушуга окшогондор куйгузушту балдарды кор кылып.
SUPER.KG видео
27.03.2018. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иии байкуш бобок туугандарыда бакпайбыз дегенине караганда кыз жаман жолдо жургонго эмнеси болсода баарыбызга ыйман берсин бобоко чын денсоолук каалайм жакшы ата энеге туш болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: