Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчулары эл аралык даражадагы спорт чебери наамына ээ болушат

Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчулары Азия Кубогуна аттанганы үчүн эл аралык даражадагы спорт чебери наамына ээ болушат.
SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей, эл аралык даражадагы спорт чебери наамын алыш үчүн Кыргыз курамасынын футболчулары тийиштүү документтерди чогултуп тапшыруусу керек. Команданын документтери толук чогулган соң, спорт агенттигинин атайын комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүп, буйрук чыгарат.
Эске салсак, Кыргыз курама командасы 22-мартта Азия Кубогунун тандап алуу этабынын алкагында Мьянма курама командасын 5:1 эсебинде жеңип, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу финалдык этапка аттанган. Ал эми кечээ, 27-мартта Кыргыз футболчулар Индия курамасы менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргыз-Индия беттеши: Футбол боюнча улуттук курам тарыхый жеңишти алып келди

Фейр плей бергенди билбегенден кийин
Кечеки оюнда фейр плей бергенди билбей урушуп
Кетти а силер ага окшогонду
Түшүнбөй эле ....
Жеңгенди эле эмес атаандашты сыйлаганды билүү керек