super.kg logo

Кумарканадан 500 миң сом уттурган адам: "Бишкекте казинолор дагы деле иштеп жатат. Тийиштүү органдарга кайрылсам, ишти жаап коюшуптур"

 
Кумарканадан 500 миң сом уттурган адам
Кумаркананын ичинен тартылган сүрөт
Кардарларга берилүүчү кофе

Учурда Кыргыз өлкөсүндө кумар оюндарына тыюу салынганы менен дагы да болсо өз ишин улантып жаткан кумарканалар бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Тимур аттуу мырза (аты өзгөртүлүп берилди) билдирди.

Анын айтымында, ал өзү ошол кумарканалардын курмандыгына айланып, 500 миң сомго жакын акчасын уттурган.

"Мен өзүм жакшы эле жерде иштечүмүн. Ушул жылдын февраль айында такси кызматында иштеген досум кумарканага бара турганын айтып, менин кошо баруумду өтүндү. Макул болуп, бардым. Ал жакка киргенде чай, сок, кофе каалаганыңды алып келип беришет экен. Мен чай ичтим. Бир аз туруп кайра эле ошол чайды ичким келди. Эмнегедир аны ичкен сайын башкача болуп, оюнга кандайча берилип кеткенимди өзүм түшүнбөй калдым. Ошентип ал күнү 20 миң сомдон ашуун акчамды уттуруп жибердим. Андан кийин уттурган акчамды кайра акташ үчүнбү же кандай, өзүм да жакшы билбейм, айтор ал жакка бат-баттан бара турган болдум. Таң калычтуусу бир да жолу уткан жокмун, ар бир барган сайын чоң суммадагы акчаларды уттуруп жаттым. Жалпысынан уттурган акчалардын эсеби 500 миң сомго чейин жетти. Акыркы жолу барганда 100 миң сом уттуруп, ошондо гана өзүмө келип, көзүм ачылгандай болду. Чынын айтсам анча акча өзүмдүкү эмес, ар кимден алган каражаттар болчу. Ал гана эмес бирөөнүн унаасын күрөөгө коюп, акча алган учур да болгон", - деди ал.

Ошондой эле, болгон окуядан кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылып, азыркы учурда тыюу салынганына карабай иштеп жаткан кумарканаларды териштирип, аларды жаптыруу үчүн арыз жазганын, бирок андан эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтты.

"Менин башымдан өткөн окуя башкаларга да сабак болсун дейм. Анткени канчалаган карапайым калк ошол кумарканалардын курмандыгына айланып, карызга батышын каалабайм. Мындан улам казинолорду жабууну талап кылып, 6-март Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылгам. Ал жакта бул ишти кароону Айбек деген кызматкер моюнуна алган. Көп өтпөй эле ал эс алууга чыгып жатканын айтып, ишти Өмүрбек деген тергөөчүгө өткөрүп бергенин билдирди. Бирок иш териштирилген жок. Көрсө 26-март күнү кумаркананын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргөн соң иш жабылган экен. Аны мага 28-март күнү айтып, иш жабылгандыгы тууралуу кагазды колума карматышты", - деди ал.

Мындан улам SUPER.KG порталы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында иштеген Өмүрбек аттуу тергөөчү менен байланышып, "Кумаркананын курмандыгына айланган адамдын бизге кайрылганы чын. Бирок мен бул иш боюнча эч кандай маалымат бере албайм. Ал үчүн биздин жетекчи менен байланышып, андан уруксат алуу керек", - деген жооп алды.

Порталдын журналисттери жогоруда Тимур мырза айткан кумарканага барып, чынында эле ал жакта кадимкидей оюн болуп жатканына күбө болушту. Андан ары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматын көздөй сапар улап, ал жактан жогоруда тергөөчү айткан жетекчи менен жолугушууну чечишти. Бирок ал жактын кабылдамасындагы кызматкер жетекчи менен байланышып, журналисттер жолугуу үчүн келгендигин айтканда, жетекчи эч кандай себепти түшүндүрбөстөн кабыл ала албай тургандыгын билдирип, жолугуудан баш тартты.


кошулду





Кумар оюнуна 500 миң сомдой акчасын уттурган жигит: "Казинолор иштеп эле жатат"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(31)
SUPER.KG видео
30.03.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ушул оюундан кантип арылса болот менин жолдошумда ооруйт ушуга он жыл болду жардам сурап кетем Москвадан
SUPER.KG видео
30.03.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Акчасын уттурганга чейин ойноп журду уттуруп алып арызданыптырда,же арызданса эле акчасын кайтарып алчудай.оной жол мн келген акча оной кетет дегендей...
Негизиле ушундай азгырык оюндардан кудай сактасын.кумардын айынан канчалаган уйбулоолор урап баратат...
30.03.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Кофени текшерттириш керек
30.03.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
"Кыз боозуп энесин коркутат" болуптур го. Ойногон ОЗУ. Анан башымды айлантты, кофе ьерди, чай ьерди деп....
Pchelka85 түзөттү 2018-03-30 23:34:26
31.03.2018. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Pchelka85,башкаларга сабак болсун деп атат.
30.03.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
ырас болот, оюнда бел оорутпай кол жоорутпай чон акчалуу болом дегенсин да же сени бироо жетелеп барды беле, акырында чайга куноону коюп, ошончо акча утуп алганында эч кимге айтпасан керек эле э.
bond02 түзөттү 2018-03-30 23:51:49
31.03.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
bond02,бироо жетелеп барыптыр досу,сен окуйсунбу же теманы окуп эле коммент жаза бересинби?
31.03.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Арыз ээси мага окшоп башкалар да акчасын уттурбасын деп.Ал казинону жаптырганы аракет кылып журотго сыягы.
31.03.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Озун куноолусунда эмне барасын жалдырап уттургандан кийин кетип калда. ОШОЛ акчаны ооруп жаткан адамдарга берсен канча сооп алмаксын кофесине ичкенине ыраазы болуп ойной бербей. ТАКСИС менен бардым дегенине Караганда ал калп ко такси те ашып кетсе кунуго жакшы болсо 1000сом табат. Аны ал уттуруп койсо уйуно эмне алып бармак эле. Озун куноолуусун барып ойногон чон эле бала экенсин эсинди жыйда жалдырап оозунду ачпай
31.03.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Туштукто жакшы соз бар:анан эмне мака жейт деген,анан эмне озун барасын
31.03.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Тергоочуго олчойто акчаны берип коюшту да кумаркананын ээси. Чара коруш керек, чай, кофесин текшертиш керек. Табаа кылбагыла силер дагы, на конец-то эсине келиптир го!!! Омурбек деген тергоочуну да тергеш керек жакшылап, что-то коррупция болушу мумкун...
nargiz94 түзөттү 2018-03-31 00:39:31
31.03.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nargiz94,же ошол жетекчинин казиносу болушу да мумкун
31.03.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Миллион уттурсаң анан карашат ойной бер өзүң күнөлүүсүң
31.03.2018. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бутуп, жакшы жумуш таап, жаны уйлонгон аталаш тууган байкем ушундай оюнга берилип кетип женеме конул бурбай кундоп тундоп чыкпай калган. 9- классымда атам таап келген экен, экоосу мектепке келишкен. Костюм шым, галстук, папкасын кармаган бирок чачы озуп, сакалы бир нече кун алынбай жудоп калган экен апсыйып. Кудай сактасын ушундай азгырыктардан. Азыр Аллаха шугур 4 кыздын атасы андай оюндарга барбай калган.
31.03.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Мындай кылыш ар бир адамдын колунан келбейт..эрктуу адам экен.адашып жаман жолго тушкондун кобу бомж же арака берилип кетет, а бул кайра туура жолду тандап анан башкаларды жамандыктан тосуп жатат.Негизи мындай кылыш баарыбыздын милдетибиз ,озубуз туш болбосок жакындарыбыз кабылышы мумкун бул азгырыка....
31.03.2018. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул оюн менин эки туганымды сооруп. Эч нерсеси калбай калганда жанын кыйды. Балдары жетим калды. Бироонуку 3 баласы бироонуку 2 баласы жетим калды. 30 жашта чыгып чыкпай бул дүйнөдөн кетишти.
31.03.2018. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Омурбекти эмес анын начальнигин жумуштан алыш керек экен коррупция жогору жактан болуп атаат
31.03.2018. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Арыз жазган адам жакшы убугында токтолуптур. Кучтуу экен. Молодец эми экинчи баш бакпа ал жакка.
31.03.2018. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кумар ойногон жерде иштегендер ХХХХХХХ болгула. Силерди элдин коз жашы кургатпайт.
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-31 10:31:50
31.03.2018. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо акча ашыкча болуптурда сага? бербейт Эми белин бекчейип иштеп топтойсун.
31.03.2018. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер 500 мин утуп алсан сен наоборот казино ачмаксын. Ырас уттурупсун и айтып чыкканын жакшы болду, элге сабак болсун.
31.03.2018. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кумаркана жабылсада кумар жабылбайт,Оночу киши (мээси жоктор) ойной берет. картаны он сомго аласын Макиштин уйуно киресин, ойнойсун уттурасын.
31.03.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол козинонун ээсине Аллах Таалам хидаят берсин!
31.03.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумар ойногондор силер кул болуп жашайсынар. Силердин айынан туугандарынар балдарынар кул болот. Силердин зыянынар бут баарына тиет.
31.03.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу оору менен менин жолдошумда ооруйт айла жок балдарым учун жашап журом кееде тунду тун дебей кунду кун дебей ошо жакта отуруп калат кудай озуго ыйман берсин
31.03.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сокеге айтыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: