Атамбаев: "Жээнбековдун аппараты "Таза коомду" стратегиялык пландан алып салыптыр"

Бүгүн, 31-мартта КСДПнын курултайынан кийин өткөн маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун президенттик аппараты парламенттик башкарууга толук өтүү жана "Таза коом" программасын стратегиялык пландан алып салганын айтты.
“Президенттик аппарат стратегиялык пландын ордуна такыр башка стратегиялык планды киргизип жибериптир. Анда стратегиялык планда бекитилген толук парламенттик башкарууга өтүү, “Таза коом” программасы алып салыныптыр. Мен буга кандай жол берилгенин сурасам, президент аппаратка ишенгенин айтат. Бул жагдайлар мени тынчсыздандырат. Бул нерселердин баары бизди авторитардык режимге кайтарышы мүмкүн”, - деди Атамбаев.
Жээнбековдун аппараты "Таза коомду" стратегиялык пландан алып салыптыр
Алмазбек Атамбаев ЖЭБ авариясына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер экенин айтты
Автор: Мунарбек Жоргомов
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
2

