Өкмөт үйүнүн алдына чогулган "Ош базарынын" соодагерлеринин талаптары



Бүгүн, 16-апрелде өкмөт үйүнүн алдына 150дөй адам топтолду. Алар "Ош базарында" товарлары менен кошо соода орундары өрттөнүп кеткен жарандар. Топтолгондор өкмөт башчы Сапар Исаковду чыгып, алардын оюн угуусун талап кылып жатышкан. Чогулгандарга өкмөт үйүнөн өкүл чыгып, 10дой соодагерди өкмөт үйүнө алып кирип кетти.
Соодагерлердин негизги талаптарынын бири - жумуш орундарын мамлекет калыбына келтирип бериши керек.
"30 жылдан бери "Ош базарында" иштейм, ушул базар менен өзүбүздү, балдарыбызды багып, ушул базар менен агарып, көгөрүп келе жатабыз. Биздин талабыбыз, биринчиден, бизге жумуш ордун калыбына келтирип беришсин, экинчиден, чыгымдарыбызга компенсация төлөп беришсин, үчүнчүдөн, жумуш ордун калыбына келтиргенден кийин жана компенсация бергенден кийин базардын администрациясы бир нече айга жеңилдик берсин", - деди соода менен алектенгендердин бири Бурулкан Абдраманова.
Митингчилердин айтымында, базарда соода орундары күйүп кеткендердин арасында насыяга акча алып, иш жүргүзүп келгендери аз эмес.
"Кантип ушунча чыгымды ордуна келтиребиз, насыя алгандарга өтө кыйын болуп турат. Биздин талаптарыбызды президент угуп, маселебизди чечип берсин, биз андан көп нерсени күтөбүз", - дешет алар.
Айта кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган.
Буга чейин да "Ош базарынан" 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришкен.
Өрттөнгөн "Ош базарынын" соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына чогулушту












1 |