super.kg logo

Кыргызгидромет: "Өлкөнүн аймагында жаан-чачындуу аба ырайы 20-апрелге чейин уланат"

 

Азыркы жаандуу аба ырайы 20-апрелге чейин уланат. Бул тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында өлкө аймагында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаап, тоолуу аймактарда карга айланды.

"Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөшү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 18-19-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат.

18-20-апрелде Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -2°Сге түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, жаңы байлаган мөмөлөрүнө коркунуч келтирет. 17-20-апрелде туруксуз аба ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

18-апрелден 20-апрелге чейин аба ырайы туруксуз болуп:

Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында +7…+12°Сден +10…+15°Сге чейин өзгөрүлүп турат;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +9…+14°Сден +13…+18°Сге чейин өзгөрүлүп турат;

Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп +8…+13°, тоолуу райондордо +2…+7°С, бийик тоолуу райондордо 0…-5°С суук болушу күтүлөт.


кошулду





Апрелде жааган кар чарба иштерин зыянга учуратты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: