Боор циррозунан жабыркаган аял: "Төшөктөн тура албай калдым. Жалгыз уулум окуусун бүткөнчө аман болсом дейм"





Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Жийде айылынын 52 жаштагы тургуну Раат Айтматова 6 ай мурун боор илдети менен ооруп калган. 25 жыл мугалим болуп иштеген аял 16 жаштагы уулун жалгыз тарбиялап, учурда иштебей ооруп үйдө жаткандыгына байланыштуу күнүмдүк тамак-ашка, дарыланууга акча таппай жатканын айтып, элден жардам сурап кайрылды.
"Уулум 16 жашта. 9-классты бүтүп, быйыл окууга тапшырган. Окуудан кийин араба түртүп, сим-карта сатып иштеп, күнүнө 50-100 сом таап келет. Мен жарым жылдан бери төшөктө жатам. Былтыр жайында Кара-Балтада жер иштетип баламды окутуп алайын деген элем. Ал жакта иштеп жүргөндө үйдүн ээси асынып алыптыр, ошону биринчи мен көрүп калдым. Стресс болуп эсимди жоготуп жаман болдум. Андан көп өтпөй 3-4 күндөн кийин эле шишип кеттим. Дарыгерлер боордогу ооруң катуу чочуп, стресс болгондо козголгон дешти.
Денеме суу толуп кеткендиктен аны алдырдым. Негизи кичинемден эле алсыз болдум, каным аз болчу. Азыр көбүрөөк бассам шишип кетем же эс-учумду жоготуп коём. Жакында эле басып баратып эс-учумду жоготуп көчөдө кулап калыптырмын, тиштерим сынып "Тез жардам" алып кеткен. Бир туугандарымдан жардам сурайын десем, алардын жардам бергенге каражаты жетишсиз. Жок дегенде 500 сом жибергилечи десем "салып жиберем" деген, 5 күн күттүм, салышкан жок.
Бирөөнүн көзүн карап, жардам сурап көргөн эмес элем. Каникулдарда жашылча тигип, тамак-аш жасап сатып эле жүрчүмүн. Атам эл тааныган адам. Айылдагы борбордук көчө менин атамдын атынан коюлган. Бир туугандарым менин элден жардам сурап жүргөнүмдү көрүшсө намыстанышат, бирок айлам кетип калды.
Дарыгерлер эже бул ооруңуз менен 2-3 жыл жашайсыз деген. Азыр коркуп жатам. Жок дегенде 2-3 жыл жашап, балам окуусун бүтүп алса дейм. Врачтар ооруканага жатыңыз, дарыланыңыз дешет. Ага акчам жок. Биз нанга тыйын таппай жатабыз. Акчам жок болгондуктан толук диагностикадан өтө алган жокмун. Баламды багам деп 15-20 жыл батирлеп жашап жүрдүм.
Акыркы күндөрү кан кусуп жатканымдан аябай коркуп жатам. Элден кичине жардам болуп, 30 миң сом болсо бир курс дарыланып алсам, дагы жарым жыл жеңилдеп калсам керек эле.
Баламды аяп, ага айтпай кафелерге кирип, сынык нандарыңар болсо чогултуп бергилечи дейм. Оорубай жүргөндө тигүүчү цехтерден калган калдык кездемелерди чогултуп сумка, төшөк, жаздыктарды тикчүмүн. Азыр иштейин десем абалым такыр эле болбой жатат. Мурда жашаган батиримдин ээсине: “Жок дегенде 500 сом түшүп бер, акыбалыбыз начар десем, 1 сом да түшө албайм", - деп койгон. 3 ай батир акысын төлөй албай калдым, балам иштеп эптеп мени багып жатты. Батирибиз сыз, кышында эшиктин ичинен бери муз тоңуп калчу.
Жолдошум менен ажырашып кеткениме көп болду, анын өзүнүн үй-бүлөсү бар. "Алименттен баш тарт, акча берем үй алып аласыңар" деген болчу. Алименттен баш тартып кол коюп берсем 60 миң сом салган, бирок ага үй ала албай калдык. Азыр биз менен кабарлашпайт", - дейт Айтматова.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Раат Айтматованын Элсом номери 0550 14 07 66.
кошулду
Мугалим: “Врачтар 2-3 жылдык өмүрүм калганын айтышты”



Буулугуп толук коро албай оксуп ыйлап алдым.
Журогум ай...
Вторник зарплата алам колумдан келишинче жардам кылып акча салайын.Биргеликте жардам береличи туугандар.Мен бул ооруну билем,апамды да байкемди да коз алдымда жоготком.Эстегим да келбейт...Жашап кетинизчи энеке,баланызды жетим калтырбан,кучтуу болун.Жараткан шыпаасын берсин!