9 күндө Исаков жаңы кызматка алып келген Болот Сүйүмбаевди Абылгазиев 10 күндөн кийин бошотту
Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагалыгынан кетти. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары Абылгазиев Сүйүмбаевдин орун басары болгон Исабек Султаналиевди да кызматтан бошотту.
Эске салсак, 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен УКМКнын орун басарлыгынан бошотулган Болот Сүйүмбаев 16-апрелде премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Сүйүмбаев Болот Турарович 48 жашта, Бишкек шаарында туулган. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүргөн.
1988-1989-жылдары - аскерде кызмат өтөгөн;
1989-жылы - "Кыргызфильм" студиясында актёр-каскадёр;
1994-1998-жылдары - "Илбирс" ишканасында ревизор жана "Меркури" банкынын коопсуздук инспектору;
2000-жылы - "Шампанвинкомбинатта" кайтаруучу;
2001-2007-жылдары - ИИМде кызмат кылган;
2010-жылы - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси;
2012-жылы - президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси болуп иштеген;
2012-2016-жылдары - УКМКнын 9-бөлүмүнүн (өлкө жетекчилеринин коопсуздугун камсыздоого жооптуу бөлүм) башчысы;
2016-2018-жылдары - УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору;
2018-жылдын 16-апрелинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
УКМК башчысынын орун басары кезинде Атамбаевдин колунан "генерал-майор" наамын алган.
кошулду
Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында 10 күн иштеп бошотулду


















1 |