super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен жолукту

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сокулук районунун тургундары менен жолугушту.

Ачык диалог учурунда жергиликтүү тургундар ар кандай маселелер боюнча кайрылып, мамлекеттик деңгээлде чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Алар социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, мектептерди жана спорт объектилерин куруу жана оңдоо, мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу турак жай алуу, жер жана мүлк талаштары боюнча маселелерди белгилешти.

Ошондой эле мунапыс, кылмыш иштерин кароо жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кайрылуулар айтылды.

Президент Садыр Жапаров ар бир кайрылууну кылдат жана ар тараптуу кароону тапшырды. Мындан улам тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: