super.kg logo

Президент 5 жылдан кийин окуучулар китеп көтөрбөй калышарын айтты (видео)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров беш жылдан кийин ар бир окуучуга планшет берилерин, андыктан китеп көтөрүп жүрүү көйгөйү жоюларын айтты.

"Буга көп акча кетет экен. Бирок бардык китепти киргизип коюп, бир эле кичинекей нерсени көтөрүп жүрө бересиң", - деди мамлекет башчы Аламүдүн эли менен болгон жолугушуусунда.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева буга уруксат берилгенин, каалаган ата-эне баласына планшет алып берип, үйүндө окутса болорун билдирди. Президент бардык эле ата-эненин ага мүмкүнчүлүгү жетпестигин, андыктан мамлекет келечекте муну колго аларын кабарлады.

Садыр Жапаров үй тапшырмаларды мектепте аткарып, анан китептерди мектепке таштап кетүү жагын караштыруу керектигин айтты. Агартуу министри жүктөмү аз мектептерге мындай мүмкүнчүлүк берилгенин белгиледи.






Президент 5 жылдан кийин окуучулар китеп көтөрбөй калышар айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: