super.kg logo

"Министрди коргой бергим келбейт". Президентке китептердин оордугу боюнча даттануу айтылды (видео)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровго Чүйдүн Аламүдүн районунун эли менен болгон жолугушууда китеп маселеси боюнча даттануу айтылды.

Президентке кайрылган жаран китептердин салмагы оор болуп жатканын, бул өз кезегинде окуучулардын ден соолугуна таасир тийгизерин айтты. Ал ошондой эле китептердин мазмуну түшүнүксүз экенин белгиледи.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева анын пикирине макул эместигин билдирип, китептер салмагы, сапаты, мазмуну боюнча мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынып чыгарылганын айтты.

"Биз былтыр "оор болуп жатат деген" пикирлер айтылгандыктан китептерди эки бөлүккө бөлгөнбүз. Биринчи жарым жылдык, анан кийинки жарым жылдык кылып. Мазмуну боюнча өлкөдөгү эң күчтүү мугалимдер экспертизадан өткөрүшөт. Азыркы китептер мурдагыларга караганда өнүктүрүүчү болуп саналат. Мурдагы китептер жаттама багытында болгон. Анан китептердин электрондук варианттарын илип койгонбуз. Китепти мектепте эле калтырып, үйүнөн электрондук вариантын колдонсо болот", - деди министр.

Мамлекет башчы электрондук вариантын колдонуу ар бир окуучуга жеткиликтүү боло бербестигин белгилеп, китептердин салмагын карап чыгууну тапшырды.

"Эми бул жагынан мен министрди коргогум келбейт. Билим берүүдө реформалар жүрүп жатат. Дүйнөлүк стандарт болгон 12 жылдык окууга өттүк. Биз буга КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи өтүп жатабыз", - деди Жапаров.






Президентке китептердин оордугу боюнча даттануу айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: