super.kg logo

Президент Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" жүрүшүнө чоң атасынын сүрөтү менен катышты

 

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-Майда Бишкек шаарында өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков согуштан жарадар болуп кайтып келишкен. Алар көрсөткөн каармандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” орденине жана медалдарга татыктуу болушкан. Согуштан кийин көп жылдар бою партиялык, советтик жана чарбалык кызматтарда жетекчи болуп эмгектенишкен.

"Мекен үчүн, биз үчүн кырчындай өмүрүн аябастан душманды жеңген аталарыбыз менен чоң аталарыбызды урпактар эч качан унутпайт. Алардын өлбөс-өчпөс эрдиктери кийинки муундар үчүн ар дайым чоң сабак, үлгү болуп калат. Мен да Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чоң аталарым Эрмамат менен Токтомамат Жээнбековдордун элесине таазим кылам. Эч ким, эч нерсе унутулбайт! Бейпил жашообуз үчүн өмүрлөрүн беришкен баатырларыбызга терең таазим", - деди президент.






Көзүнө жаш алган ардагер: "Элдин биримдиги, ынтымагы бүгүнкү күндү алып келди"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев, Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.05.2018. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ааа жакшыыы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: