super.kg logo

10 баласы бар туруп эски унаада жалгыз жашаган Алтын Отомбаеванын аянычтуу тагдыры

 

Турмуштун оор сыноосуна кабылып, жетим өсүп кичинесинен жакшылык көрбөгөн 65 жаштагы Алтын Отомбаеванын кейиштүү тагдыры менен SUPER.KG порталы таанышып кайтты. Айтымында, анын 10 баласы бар. Ага карабастан көчөдө күн кечирип, жарактан чыккан унаанын ичинде 2 жылдан бери жашайт. Мындан 2 жыл мурун Кара-Балтадагы 2 бөлмөлүү үйү өрттөнүп кетип, талаада калган. Балдарынын үйүнө барса, күйөө бала, келиндери батырбай, бүгүнкү күндө муздак темирдин ичинде жашап жатат.

"Менин 3 уул, 7 кызым бар. Алар да оор жумуштарда иштеп, кыйналып жашайт. Үй өрттөнүп кеткенден кийин кызымдын үйүндө турдум. Күйөө балам кызыма "энеңди, чычкандай кызыңды да багайын" деп ачууланып кийимин алып үйдөн чыгып кетти. Анткени кызымдын мурунку турмушунан бир кызы бар эле, кийин бул күйөөсү менен бир кыздуу болушту. Ошондон кийин балдарыма жүк болгум келбей, эскилиги жеткен унаанын ичинде жашайын деп чечтим. Бир балама орус улутундагы келин алып бергем. Алардын да жашоосуна аралашкым келбейт. Ден соолугум жакшы болсо, оокат-ашына жардам берет элем", - дейт ал.

Отомбаеванын колу-бутун үшүк алып кеткен. Анысы аз келгенсип жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Акчасы жок болгондуктан дарыгерлерге көрүнө элек. Жалгыз бой эне балдарын багам деп Кыргыз-Казак чек арасында оор жүктөрдү көтөрүп иштеп жүрүп инсультка кабылган.

"Дарыгерге көрүнөйүн десем акчам жок. Барсам эле акча сурап, кымбат дарыларды жазып берет. Ага акыбалым жетпейт. Акыркы жолу былтыр ооруканага жатып чыктым. Ага балдарым 7000 сом төлөгөнүн көрүп жүрөгүм ооруп, өзүмдү күнөөлөдүм. Балдарым өздөрү кыйналып жашап жатат. Алар кээде келип кабар алып, дары-дармегиме көмөктөшүп турат. Экинчи кызымдын баласынын жүрөгү ооруйт. Мен көчөдө жашасам да мейли, небереме операция жасатса эле болду. Жакында эле неберемди Москвага алып барып көрсөтүп келдик. Акчабыз эч нерсеге жеткен жок. Кымбат экен", - деген эне учурда гүл сатып иштейт.

Учурда Алтын Отомбаева Супу аттуу жигиттин кол астында гүл сатып иштеп, күнүнө 50 сом алат. Кээде азык-түлүгү жок, чай менен гана курсак тойгузат. Отомбаеванын ата-энеси кичинесинде эле каза болуп калган. Турмушка чыкканда да кыйынчылык күндөрдөн арылган эмес. Чабанга турмушка чыгып, ал койлорду жоготуп, ошол учурдагы тартиптин күчтүүлүгүнөн, камалып кетем деген коркунуч менен качып кеткен. Алтын Отомбаева күйөөсүнүн азабын кийин өзү тартып, сот жоопкерчилигине тартылып, сурак берген.

"Кичинемден жетим калып, бир да жакшылык көрбөй чоңойдум. Турмушка чыкканда кыйынчылыктан арылам го дегем. Бирок андай болгон жок. Күйөөм көп сандаган койду жоготуп алып, чиедей балдарым менен таштап качып кетти. Кийин мени суракка чакырып, камайбыз деп коркутушту. Колумда эмчектен чыга элек балам болгондуктан, эч нерсе кыла алышкан жок. Ачка калган күндөрүм болот. Бирок ага да көнүп калат экенсиң. Чыдасаң турмушту жеңесиң, чыдабасаң жеңилесиң", - деди Отомбаева сөзүн жыйынтыктап жатып.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн Алтын Отомбаеванын байланыш телефону: 554 41 05 46.


кошулду





10 баласы болсо да жүрбөгөн унаанын ичинде жашаган апа: "Балдарыма оор жүк болгум келбейт"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(46)
25.05.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-27
Саны коп сапаты жок дегени ушул. Чууруп торгончо 3 тороп бутуна тургузуш керек. 10 баланын бири дагы жакшы жашоодо жашабайт тура. ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-26 20:06:20
25.05.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
AKCAHAT,менин кошуна эженин ровно он баласы бар,эки кыз сегиз эркек. Балдары кичекейинде абдан кыйналып жашашыптыр. Эми ошол он баласы чоноюшуп апасына зангыраган хан сарай салып берип коюшкан. Бополоп багышат апасын тимеле. Кеп санда эмес,тарбия тартипте болсо керек дер ойлойм
25.05.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nanei,Хан сарай салып бергендер чанда . Менин озумдун туугандарымдан коруп эле атам . Кыргыздар коп торосом улуусу кичуусуно жардам берет деп ойлойт бирок андай эмес ар ким уй булоо курат ар ким озуно байпак издейт . Илгери мындай илгери тигиндей болгон дей бересинер илгери боз уйдо жашашкан азыр биз боз уйдо жашайбызбы ? Заманга жараша адамдар озгорулуп атат азыр бир тууган бир тууганга эне баласына баласы энесине карабай калган жашоо келди . Бул эже ошолордун бири . Коп баладан пайда жок
26.05.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
States,мен баары хан сарай салып Бериш керек дебейм,болгонун жаздым. Эн негизи бир туугандардын ортосунда ынтымак болуш керек, ынтымактуу болушса энесин таштамак эмес деп ойлойм кочого. Эми Кудай мындайды башка салбасын эч кимге
25.05.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AKCAHAT,тфу тфу дегиле
25.05.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кечээ европага сынтагып аткандар Эми эмне дейсинер??? Отуздагы баласын сот аркылуу уйунон кууп чыккан америкалыктарды тепкилеп атпадынар беле,биз кыргыздар сонун калкпыз ,чогуу жашай беребиз аны муну дер. Мен бул апаны табалаган жокмун,болгону он баласынын бироосунон баш калкалай жер табылбаганы окундурот.
25.05.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nanei, ошол тепкилегендин бири мен элем. Кыргызда илгери жетим бала кароосуз калса ошол айыл уруу үчүн уят болчу. Жакын тууганы болбосо алысыраак тууганы ал да болбосо айылдан сөзсүз бирөөсү багып алчуу экен. Ата-энесин кароосуз таштап коюу деген болгон эмес. Күнүгө 50 сом алып иштөө деген бул жөн гана иштеп берүү дегенчелик эле болот. Баланы жаштайынан тамак табууга эөе эмес адамгерчиликтүү боөгонго үйрөтүү керек. 10 бала деген аты эле болбосо... бала белде катын көчөдө биринчи энесин кароо кер
25.05.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dalil,Илгеркинди койчу . Сен эмне илгерки заманда жашайсынбы ? Элуу жылда эл жаны жуз жылда жер жаны дегендей илгерки заманын буткон .
26.05.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
States, ошондо эмне ата-энени карыганда карылар үйүнө, балдарды төрөп балдар үйүнө берген туура дегени жатасынбы? Мынтип жаңылангандан жаңыланбай эле койгон туураго. Динибизде да салтыбызда да энени эң улук деп аны бакпай карыганда таштап коюшпайт. Бала катын да күйөө да табылат бирок эне өмүрдө бир эле жолу берилет.
26.05.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dalil, Жетим бул жетим . Эмне илгери жетим жакшы жашаптырбы ? Менин тайэнем 80 ге чыкты 3 жашында апасы каза болуп калып огой энесинен корбогон кордугу калбаптыр . Азыр деле отуруп ошол жетим кундорун эстеп ыйлайт . Так что илгери адамдар периште болгон эмес. Энелуу жетим эрке жетим аталуу жетим арсыз жетим . Эркектер балдарынарды кор кыдырбагыла огой энеге
26.05.2018. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dalil,илгери адамдар башкачараак болгон,бирок жетим калган бала азапты жакшы эле коргон,озгочо энесинен ацрылып калган балдар. Бул эже деле айтып жататко ,куйоого тийгенче жакшылык коргон жокмун дер,куйоого тийсем жашоом онолот деп ойлогом дер. Анан даны ырчы Саламат Садыкованын айтканы да бар,жаштайыман жетим калып азапты жакшы эле тарттым деп. Так,что илгерки элдер деле периште болгон эмес. Огой огойлугун кылчу ал кезде деле
26.05.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,өгөйлөгөн илгери да азыр да өгөйлөп эле жатышат. Сен өзүң айтчы апаңды үйгө батырбаган күйөөң менен жашай аласынбы? Менин аялым эгер ата-энемди үйгө батырбаса андай аялды барынан жогу демекмин. Андай аялдан балаң да жакшы тарбия албайт. Эртеңки күнүң өзүң кор болосун. Жашоолору оор болуп дарылатууга акчасы жок болсо тамак ашына жана жатаарына жай таап бере албаган эмне деген балдар. 10 бала 1 ай иштесе бирөөсүнүн огородуна 1 там тургузуп берсе болотко. 1ден жыгач чыгарса үстү жабылат.
25.05.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болсоң чоң бол да азыр. Карапайым калкка эле кыйын. Балдарын аяай берет экен бирок.
SUPER.KG видео
25.05.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээээ кагылайын кудай... Эч бир ЭНЕНИ ЫЙЛАТА КӨРБӨЧҮ
25.05.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
7 баланын бири да апасын багалбаса эмне жашап жүрөт бул жашоодо. Кыздын үйүнө го барып жашаган болбойт. Конокко барып турса эч нерсе эмес. Бирок 7 баланын бири да акыбалы жетпейби апасын багып алганга ? Кантип болсун ?

Аябай өкүнүчтүү окуя апа үчүн, бирок балдарына убал го мындай таштап койгон.

Акча жок дарыгерге көрүнө албайм дебей, жашаган жери боюнча үй бүлөлүк дарыгерге учетко туруп дарыланса болот.
25.05.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмне деген кунуно 50 сом иштеп.10 баласы 50 сомдон берип турса болмокта жашнакай еле квартирага чыгып жашаса болот еле
25.05.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Позор!Шермендечилик!Уят эле балдарына.Канча уйкусун бөлүп чоңойтуп койсо,бири да карабаганы өлүм...
25.05.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызык го, озу иштеп акча тапса, жадагалса кечинде жатып турганы батыра алышпаса, алар эмне деген балдар?
SUPER.KG видео
25.05.2018. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апан ыйласа аалам антарылат!Балдарына наалат!
25.05.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол кемчонтой балдарын таап асып койгум келип жатат.Акмак экен балдары.Эненин мээримин карагылачы балдарына.А балдары кылганы тигил.
25.05.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кееде ойлоносун ушу акыр замандын жакындап калышынын белгилериго деп. Эми не дейбиз эже кыйналып жатыптыр 7кыз 3уулу карай албаса анда кыргыздын келечегинин буткону экен, бир дагы баласы карай албаса алдагинтип темирде жатса не деген балдары чонойтуп остургон меерим тарбия Берген болду бекен бул эже ушул балдарына. Карыя кемпирлердин уйуно барыныз жок легенде ошол темирде жатпай.
25.05.2018. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Калыгул ата мындай деген экен, "кудайым бала бер, бала ьерсен ыйманы менен бер, ыйманы менен бербесен четинен чычкактатып ала бер" деген экен. Он баласына наалат. Онон биригип бир энени бага албагандан кийин жер устун булгап басып журуунун канчалык кажети бар. Кыздары куйодон, балдары катындан олуп кетишкен наадандарго. Куйоо, катын табылат а эне дуйнону жоо кыдырсан да табылбайт. Мин наалат силерге. Кудайым ыйман берип он жолго салган болсун. Балдарым деп журуп эне байкуш ушул кунго ж
25.05.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Десе. Ошону ойлондунарбы. Кудайм туура жол коргозсун. Эртенки куну оз балдарынардан ушундай нерсени кудайым корсотпосун. Энени бир жакшына багып алгыла. Торунон кору жакын калса керек байкуш кишинин
25.05.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мин наалат кайдыгер балдарга. Журогум жанчылып кетти. Оз апанарга кантип ушул жашоону ыраа кордунор....
25.05.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайран соз силерге корогон
25.05.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Балдарына эми соз жок кандай адамдар экени дапдаана билинип турат! Тиги гул саттырган башчысы боор ооруп койсо болбойбу кунуно кечке 50 сом берсе лучше бербей эле койбоптур. Азыр 50 сомго эч ким иштебейт олду дегенде кунуно 300 сом берсе болмок! Уятда жок экенда, ошол соодагер эгер комментарияларды окуп жаткан болсон кичине ынсап кыл каерде 50 сомго ишчи бар экен, ошол эжени ыраазы кылып жакшы толомойунчо сенин сооданда деле береке болбойт менин оюмча, ошого ойлонуп кор! Уят уят уят!
25.05.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым эч кимди,эч кимге кар да,зарда кылбасынчы...
25.05.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх,окуп эмне дээримдида билбей калдым.Эне байкуш кун тун уйкусунан кечип,озун жанын аябай ошолорду деп тытынып иштеп багып чонойтуп койсо.А балдары оздору менен оздору.Карасанар озу кыйналып жашап жатсада,ага наалыбай кайра балдарын ойлоп жатат.Журогум ооруду.Зээним кейиди.Балдарына ыйман ынсап берсин
Байкуш эне чогуу жашаса эмне оорчулугу тиет,Кээ бирлерге тушунбойм.Кайнене менен жашаса бир нерсе боло тургандай.Жесе бир кесе тамак ичет,бир туурам нан жейтго.
25.05.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде чондорубуз кайдыгер карабаса.120 депутат бир кундук маянасын которуп берседа чон иш болот эле.Орттонуп кеткен уйун кайра тургузуп берседа болмок окмот.Эгер ошол бир байдын уйу болгондо давно каражат болунмок.Бизде акыйкат олгон.
25.05.2018. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдары да кыйындык жашоодо экен айтып атат жолу ачылбаса жаман
25.05.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ой атан гору, балдары бала эмес экен апасына карабаган, жок дегенде мамлекет, мамлекеттик кызматкерлер, врачтар соц фонддогулар силер карап койсонор болбойбу, дары дармек башка нерселер чонтогунордон кетеби, айлык аласынар го.
25.05.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жанагы музейдеги бир жыгачтын акчасын ушул энеге беришсе кана эми. Эне журогу оорубасын.
26.05.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cleo-13,1 жыгач аттын баасына бир болмолуу батир келмек десен
26.05.2018. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттон жашаган жерин дароо тааныдым. Жанакы эки баланы МАН унаасы уруп кеткен Дордой жактагы Энеай конушунун асты жагында жол. Мен алыста журом. Мен жашаган уйдун асты жагы экен
26.05.2018. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото кейиштуу екен балдарын ысык суука чыдап чонойтот байкуш ене а балдары таштап кетет эмне деген заманда жашап жатабыз озу кыйналса да багышы керек балдары
26.05.2018. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандайсыздар, урматтуу форумчулар! Биз, Орусиядагы форумчулар ушу апага жардам бергени жатабыз.Каалоочулар биздин катарга кошулуңуздар.Жардам берем деген каалооңуз күч бирок, "аз сумманы кантип котором" деп кыжаалат болуп жатсаңыз, анда сиз үчүн бул- эң ыңгайлуу шарт. Мага кайрылсаңыздар болот.
kalima88 түзөттү 2018-05-26 05:02:05
26.05.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalima88,Ошондо жаны аферабы
26.05.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ady-88,бир тууганым, Ыйык Рамазан айында тилиңди ачуу сөздөрдөн ,дилиңди жаман ойлордон арылтып алууңду суранам.
26.05.2018. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кокмээ балдарын 600$ Таяк менен сабап салгым келди жаман.
SUPER.KG видео
26.05.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев 80 млн го үй салганча ушул эжеге 80 миңге үйүн ремонтотуп берсе жакшы болмок экен, уялчак депутатыбызга көрсөтүп койгулачы балким жардам берер
26.05.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети баласы барларды баатыр эне деп сыйлыктарды берип,борборго чакырып сыйлап турушат го,бул эжеде он бала экен,экинчи группадагы майып деп айына алты-жети мин пенсия чыгарып берсе болмок окмот
SUPER.KG видео
26.05.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неберелерин караса даяр нянка го. Бардык баласын соттоп туруп алимент толотуш керек
SUPER.KG видео
26.05.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдары малатсы екен журокторуда таштай екен. АПАНАР кандай кун корсо . Силерда ушундай кун коргуло
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: