super.kg logo

"Инспектор кандай болсо да капотко жабышпаш керек болчу, айдоочуну токтотууга толтура жолдор бар" дейт унаасын инспекторду көздөй айдаган аял

 

"Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндө айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду 300 метр аралыкка чейин түртүп келди", - деген маалымат коомчулукта кызуу талкууланууда. Унааны башкарып бара жаткан 43 жаштагы аял Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы экени белгилүү болду. SUPER.KG порталы коомчулуктун талкуусуна калган айдоочу, Нургүл Балтабаева менен байланышып, жагдайдын дагы бир тарабын укту.

Нургүл Балтабаеванын айтымында, инспектор өз милдеттерин так билбейт жана ыйгарым укуктарын ашырып алган.

"Ал мени Бөкөнбаев көчөсүнөн токтотуп, куру жок бара жатасыңар деди. Мен курду тагып алгам, жанымда сиңдим бар болчу, ал кош бойлуулуктун 9-айында, чын эле кур такпай бара жаткан. Мен инспекторго кош бойлуу келинге кур тагынуу ыңгайсыз экенин түшүндүрдүм. Бирок ал менден айдоочулук күбөлүгүмдү сурады, күбөлүгүмдү ага бердим, андан кийин ал протокол түзө баштады. 300 сом айып пул салынарын айтты.

Ошол учурда мен да андан эмненин негизинде протокол түзүп жатканын, өзүнүн да уруксат документтерин көргөзүшүн сурадым, бирок ал бул суроолорго жооп берген жок.

Мындан кийин унаамды айдап кетүүнү чечтим. Ошол учурда ал менин унаамдын капотуна жабышып алды, мындай кадамга эмне үчүн барганын такыр түшүнбөйм.

Менин айдоочулук күбөлүгүм инспектордун колунда калды, мындан тышкары өзүнүн да унаасы бар болчу. Эгер мен кача турган болсом токтотуунун толтура жолу бар эле да, "план перехват" кылса же унаасы менен артымдан келсе, айтор, башка жолду тандаса болмок. Бирок ал ушул шоу көрүнүштү уюштурду. Мен унаамды токтото албай 2 саат жүрдүм, анткени инспектор ага жол берген жок. Видеодо унааны жогорку ылдамдыкта айдагандай көрүнгөнүм менен абдан жай айдадым. Айдап бара жатып андан эмнеге мындай кадамга барганын сурап, "мен качпайм" деп айттым, ага болбой ошондой калыпта Бөкөнбаев көчөсүнүн Турусбеков менен кесилишкен жеринен Манас проспектисине чейин келдик", - деди Балтабаева.

Ошондой эле айдоочу милиция, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерин чакырууну өтүнгөн. Бирок 2 сааттан кийин гана дагы бир инспектор, дагы убакыт өтүп мобилдик топ менен "102" кызматы келген.

"Бул учурда инспектор өз өмүрүнө коркунуч жаралганын, 2 аял ага баш бербей жатканын айтты. Эми ал өзүнүн кызматын да так аткарганды билиш керек да, менин көз карашымда ал өзүнүн ыйгарым укуктарын өтө эле ашырып алды. Ошол учурда биздин унаанын жанына дагы бир адам келип алып, видеого тартып кош бойлуу сиңдимди "ит" деп тилдеп, чаап жиберүүгө аракеттенди. Биз мындай ызы-чууну каалаган жокпуз, милиция келип кырдаалды териштирсе экен деп турдук. Эгер өз ишин мыкты билген инспектор болсо, мындай шоу көрүнүштү уюштурмак эмес", - дейт айдоочу аял.

Ошондой эле бул иш адилеттүү иликтениши керек экенин айтат ал.

"Мени кечээ саат 16:00гө чейин милиция бөлүмүндө кармап, камакка алуу аракетин көрүштү. Эгер адилеттүү иликтене турган болсо, анда инспектор да катуу эскертүү алат же ага да чара көрүлүшү керек. Көп жылдан бери унаа айдайм, бир да жолу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер менен пикир келишпестиктер болгон эмес.

Бул жагдайда менин күнөөм жок дебейм, инспектор капотко жабышып алса да унааны токтотпой айдап кете бергеним туура эмес экенин моюнума алам. Аял катары эмоцияга да алдырып жибердим. Бирок коомчулук бир тараптуу кабыл алып жатат. Буга атамдын атын да аралаштырышты, мен депутаттын кызы болгондугум үчүн эмес, инспектордун так иштебегенине ачууланып эмоцияга алдырдым. Иш адилеттүү каралышын талап кылам", - деди Балтабаева.

Буга чейин жаралган жагдай боюнча инспектор өзү да SUPER.KG порталына айтып берген эле.

Эске салсак, кечээ, 31-майда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жол тандабастын айдоочусу инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей аралыкка чейин түртүп келгенин кабарлаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик адамына зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИББи билдирген эле.


кошулду





Инспекторду капотуна сүйрөгөн аялга карата кылмыш иши козголду

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(46)
01.06.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Уурусу куч болсо ээси доого жыгылат.Оозу кыйшык болсо да байдын кызы суйлосун.Баланчаевдин Тугунчоевдин балдарына мыйзам иштебеген заман качан калат.
01.06.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Инспекторду куноолоп,озун актап чыкканын уялбай! Сага окшогон акчасына,мансабына манчыркагандар жол эрежесин сактабагандыгынын айынан канчалаган адамдар коз жумуп же майып болуп калып жатышат.Копкондугунду кара,жок дегенде ошондо четте карап турган элден уялып койбодунбу?
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-01 15:19:39
01.06.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Депутаттын кызы болсо эле балээ бекен,колунан эч нерсе келбейт деп токтобой суйрогон да,оз жазасын тартыш керек
01.06.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кур тагынбасаң , айып пул малынат.
Эмненин негизинде деп талашуунун кереги жок. Аны сотто териштирип аласыңар. Инспектордун токто дегенине баш ийбей айдаган болбойт.
Токтотуунун себеби ремень тагынбагандык.
01.06.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Протоколду жулуп алганга кандай акың бар.
01.06.2018. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Боюнда бар синдинизге ремень такканга не удобно болсо , артка эле отургузуп койбопсуз. Бардык куноо озунуздо экен
01.06.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
aiturgasha, Жол Коопсуздук Эрежесине ылайык боюнда бар аял, же колунда бар баласы бар адам алдынкы орудукка отурганга болбойт. Бул эреже юристердин зериккенинен жазган эрежеси эмес ошол боюнда бар аял менен колунда баласы бар жургунчунун коопсуздуганан улам чыккан эреже.
01.06.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Камаш керек
01.06.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Закон бул закон!!! 300 толой албай калдыбы? Кош бойлуу синдине ремень тагуу ынгайсыз болсо артка отурсун о.э.кош бойлуу аялга машинанын алдынкы орундугуна отурганга да кооптуу...
01.06.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-29
Инспекторду жумуштан айдаш керек
01.06.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Nanei, инспектор атыш керек эле курал колдонуп, буйруса эмкиде атат деген умут бар менде.
01.06.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
оозу кыйшык болсо дагы депутаттын кызы сүйлөсүн экен да
01.06.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Колунда жок жок аял болгондо давно камадык деп чыгышат еле эч ким ичинен дайынын жокко бизде кыргыздар чондор го мыйзамды иштебейт карап айым ноге жакшы иштейт Акчага копкон экенсин кичи пейил болуп закону сыйлаган керек
01.06.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялдар коор чыкты
01.06.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тойгончо жеп олгочо карганат дейтго ошондой болуптур.Актанба депутатын кызысын баарибир карапайым калк сага ишенбейт,бирок беркилеодаа ит акча учун олуп алышат.так что бирин ол бирин кирип кет
01.06.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жепутаттын эркеталтаңы.Дагы кууса болот дегеничи.Иса Өмүркуловтун уулуна окшоп кутулат же кууй турган МАИ чыкса ХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-01 18:35:19
01.06.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
urmat-77, ))))
SUPER.KG видео
01.06.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой тооба адамдар эмне болуп кеттат.Бир байкуш карапайым эл болгондо башкача болмок.Кыйындар экенда.Байлыгына,эрине,атасына ишен п ошенткенда
01.06.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кароче кызды камап салыш керек и точка
01.06.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алдагы депутаттын кызы копкон немего,жоопко тартыш керек андай акылы тайкы аялды.Андай жооругун мамлекетке эмес ,уйундогу ата-энесине корсотсун
01.06.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көпкөн аял ,закондун жогу,бийликтин кызыкчылыгы дагы деле болсо!
01.06.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
О*урган кыз о*урбаган кыздын бетин тырмайт дейт беле?
01.06.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Dimonbek,ха хаго макалын. Уяты жок аял экен.43 жаш чоон эле катын экен жакшынакай эле суйлоп синдисин урушкан болуп инилерим кечиргиле деп 300 сомун толоп эле койбойбу.Озунун авторитетин озу тогуп машинанын мындан башка эч ким айдабагансып.Мурда деле далай жолу бузуп жургон жол эрежесин куйоосу менен атасын бетине коюп кутулуп жургон да.Бул жолкуда ожор инспекторго жолугуптурда.Очки такса эле бети жабылып калгансып тим эле кыйын.
02.06.2018. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
mira28, МАИ чилердеда куноо иттер алар суйлосон оздорунчо коркутуп жооп бербей билгенин кылат тебелеп олтуруп эле кетпептир
02.06.2018. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч Ким токтоткон эмес Буга чейин дейт , алар тааныйт болуш керек ошон учун мыйзам бузсан да токтотпой,Эми Элден уялсан Боло актанбай.
02.06.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аял башың менен уял акмак
02.06.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мээси жок катын экенсин. Шоу мына сен уюштурдун а гаишник эмес. Куушам деп элдин баарын сузуп кетсен эмне болот эле?
SUPER.KG видео
02.06.2018. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тебелеп кетсе, былчыйып олмок ошеерде...тооба. Мындай ГАИ кызматкерлери эмнеге жабышат капотко?Немистер басып киргенсип...каршылык корсотсо видеого тартып алсын да, керектуу жака жонотсун. Чын чынына келгенде мындай ГАИ кызматкерлеринен эл жадады, ошого шермендеси чыгып ушундай ит абалда болушат дайым.
02.06.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бир тараптуу болбойлу туугандар балким инспектордода айып бар. милициянын кылыгын корсонор [moderated]тан тема: биздин милиция бизди коргойбу же кордойбу
02.06.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте адилеттуу чечим кабыл алынсын, ишти адилеттуу карап чыныгы кунолуну жоопко тарта турган болсо, анда чыныгы кунолу силерсинер копкон катын.
03.06.2018. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоотен тузук эмес, ошон учун бирин олуп, бирин кал. ГАИ лерда копкон, чондорунда копкон.
03.06.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көпкөн"кыз"экен да бул 43- жаштагы аял))
SUPER.KG видео
03.06.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гаичини иштен алыш керек тез
04.06.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен унаамды токтото албай 2 саат жүрдүм, анткени инспектор ага жол берген жок.
https://www.super.kg/kabar/news/233919/ дейт ко, 2 саат жабышып журдубу?
SUPER.KG видео
05.06.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Копкондугунду болгон жеринен чыгарса экен сенин ушуну каалайм. Капыстан куураган инспектор чалынып жыгылып кетсе тебелеп деле кетмексин да ушунча да кобосунбу? Машинаны маймыл деле айдайт кичине арыдан бери болчу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: