6 ай бою чала тааныш кызды кордоду делген жигит: "Жарандык никеде жашоо туура эмес деп ал кыздан бөлүнүп кетсем, милицияга арыз жазыптыр"
Ушул жылдын 26-июнь күнү Айжамал (аты өзгөртүлдү) аттуу кыз "мени чала тааныш жигит 6 ай бою кордоп жүрдү, ошонун кесепетинен ооруканага түштүм" деп SUPER.KG порталына кайрылган.
Айжамал өзүнүн сөзүндө таанышым батир таап берем деп үйүнө алып барып, эшикти бекитип алып, сыртка чыгарбай 1 апта бою зордуктап, уруп-сабады деген.
Биз милиция кызматкерлери менен биргеликте Айжамалды зордуктады делген Жыргал (аты өзгөртүлдү) аттуу жигиттин үйүнө барып, экинчи тараптын пикирин угуп келдик.
"Мен ал кыз менен февраль айында Сары-Өзөн-Дыйкан базарында араба сүйрөп иштеп жүрүп таанышып калдым. Ал кафеде официант болуп иштечү. Ал жашаганга жери жок, кафеде жатып иштеп жүргөн. Жумушта кожоюну менен урушуп кетип "жашаганга жайым жок, үйүңө түнөп турайын" деп айтты. Мен аны батириме алып келдим, ошентип биз жарандык никеде эки ай бирге жашап калдык", - деди ал.
Ошондой эле Жыргал жарандык никеде жашоону туура көрбөй, Айжамалга айтып, башка жакка көчүп кеткенин, ошондон кийин Айжамал Жыргал мени зордуктады деп Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арызданганын белгиледи.
"Ал милиция бөлүмүндө "мен бул баланы каматпайм, жакшы көрөм" деп тосмо арыз жазып берди. Андан кийин ал "никеден өтөбүз, болбосо мен сени жөн койбойм деди. Ошентип Орозо айында мечитке барып нике окуттук. Айжамал нике окуткандан кийин 3 күн гана чогуу жашап, үйдөн кетип калды. Кийин менин үстүмөн "мени уурдап кеткен" деп кайрадан арыз жазыптыр.
"Сиңдисине чалсак, "Ал үйгө келип эле сулап жыгылды, ооруп калыптыр, силер бир нерсе кылыпсыңар, биз силердин үстүңөрдөн арызданабыз" деди. Алар да "Мени Айжамалды уурдап кетти" деп арыз жазыптыр. Биз апам экөбүз кайрадан Ленин райондук милиция бөлүмүнө бардык.
Айжамал ошол жерден мени менен бирге жашай албасын айтты да, талак бер деди. Биз ошол жерден ажырашып, эки жолго түштүк. Мен Айжамалды 14-июндан бери көрө элекмин, учурда айдоо аянтында иштеп, үй-бүлөмдү багуудамын", - деди Жыргал.
Жыргалдын апасы Айжамал менен уулунун никеге турганын ырастады. Анын айтымында, башында Айжамалга үйдөгү шартты түшүндүрүп, уулун ага кийинчерээк үйлөндүрөрүн сунуштаган. Бирок кыз ага көнгөн эмес.
"Ал биринчи жолу милицияга арызданып, кайра арызын кайтарып алган соң, мен аны үйгө алып келип, "кызым, биз ушундай шартта жашайбыз, дагы акча табалы, анан силерди баш коштурабыз" десем болгон жок. Аргасыздан аларды мечитке алып барып никеден өткөрүүгө мажбур болдум.
Айжамалдын апасына байланышып, кызыңызды келин кылып алдык деп айтсам, силер жиндисиңерби, кызым үй-бүлөлүү, 3 баласы бар деп айтты. Кийин Айжамал телефондон апасынын номерин өчүрүп салыптыр, ошол бойдон кыздын ата-энеси менен байланыша албай калдык.
Бирок Айжамал "мен мындай шартта жашай албайм" деп 3 күндөн кийн кетип калды, жөн кетпей "мени уурдап кетти” деп биздин үстүбүздөн Ленин райондук милиция бөлүмүнө кайра арыз жазыптыр. Ошол учурда кыздын эжеси бизге чалып 50 миң сомго чейин акча бергиле деп да жүрдү. Айжамал болсо милиция бөлүмүндө мага талак бер деп уулум менен ажырашып кеткен.
Бирок ал кыз бир жума мурун ооруканага жатып алып уулумдун үстүнөн Биринчи Май РИИБине арыз жазыптыр.
Учурда Айжамалдын айылдаштары аны 1994-жылы туулган эмес, 1991-жылы туулган келин, аты-жөнү башка, 3 баланын энеси деп айтып жатышат", - деди Жыргалдын апасы.
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин маалымат кызматы Айжамалдын буга чейин Ленин РИИБине эки жолу арыз жазганын ырастап, бирок Айжамалдын тосмо арызына жана медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык кылмыш иши козголбогонун билдиришти. Ал эми анын Биринчи май РИИБине жазган арызы боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин укуктук баа бериле тургандыгын билдиришти.
кошулду
Зордуктоого күнөөлөнгөн жигит: "Ал кыз суукта көчөдө калганда боорум ооруп үйүмө киргизгем"





























1 |