super.kg logo

УКМК Албек Ибраимовдун жан сакчылары сабалганын төгүндөдү

 
Сүрөт 19-июлда Биринчи Май райондук соттун алдында тартылган

Албек Ибраимовду кармоо учурунда анын жан сакчылары менен жумушчулары сабалган эмес. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан SUPER.KG'ге 20-июлда кабарлашты.

"Арашан айылынын айрым тургундары ЖМКларга билдирип жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Анын жан сакчылары УКМК кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө да үлгүрүшкөн эмес", - деп билидиришти УКМКдан.

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 19-июлда Арашан айылындагы үйүнөн кармалып, камакка алынган. Бүгүн, 20-июлда SUPER.KG'ге аталган айылдын тургундары Албек Ибраимовду УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери күч колдонуп алып кетишкенин айтып беришкен. Алардын бири Сабырбек Алкыштиевдин айтымында, атайын даярдыктагы кызматкерлери Ибраимовду кармоо үчүн анын жан сакчыларын жана жумушчуларын сабап салган. Алардын бири оор жаракат алып, ордунан тура албай калган болсо, айрымдары жеңил жаракат алган.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 19-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынын кармалган. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 29-августка чейин тергөө абагында калтырды.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Тиешелүү токтомго премьер-министр 19-июлда кол койгон.


кошулду





Арашандыктар УКМК Албек Ибраимовду үйүнөн күч колдонуп алып кеткенин айтышты

Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
20.07.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Дагын канча акча алып жалган көрсөтмө бердиңер?!Уурдаганы чын болуп коррупционер босо аны акчасын алып эртең өзуңөр туйшук тартып эмне кыласыңар?! Уурунун орду турмөдө!!!
20.07.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир мэрге ден сакчынын эмне кереги бар?
Чирип байыганда,качан өлтүрүп кетет деп жан сакчы менен жашашат.
20.07.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айылына акчадан дан дан ташаган экен да жалган корсотмо берип койуп жатышыптыр да XXXXXXXXXXXXX
Модератор admin_media түзөттү 2018-07-21 11:07:23
SUPER.KG видео
20.07.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жемкорду коргогондор өздөрү да жеген. "Уурунун куйругу кууш" дегендей баарыңар жооп бересиңер.
SUPER.KG видео
20.07.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле кобуртуп жабыртып айтып жатканын "автомат,пулемет "деп.Ушундай уяты жок акча учун суйлоп койгон адамдардын тилин кезиш керек
SUPER.KG видео
21.07.2018. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик орган чакырганда эмнеге барбай тоотупда койгон жок. Күнөөсү жок адал таза адам болгондо жүзү эл алдында корунмок. Качып жан жоокорлору менен заңгыраган гектарлаган жерде журдуго. Кана кимдин кызыл китеби бар 33гектар жери бар экен. Карапайым эл 4сотик жергеда ээ боло албай жүрүшөт. Жери жок тентип орустун туалеттин жууп жүрүшөт Кыргыздын кыздары. Арашандыктар уялсанар боло.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-22 17:34:31
SUPER.KG видео
21.07.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала болот, чакырбаса барбаса туура эле кылышкан, анан силердин бетинер жок экен жалгандан кубо болуп, УЯТ!
21.07.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каршылык коргозсо сабаш керек чакырды келген жок мыйзам сыйлабайбы УКМК деген ушундай болуш керек башка деп жутарлар да сестенгендей. Эми мунусу да оорукчан болуп чыгат болуп керек ..
21.07.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да Албектин Аша чапкандыгы, чакырганда келсе болмок бирок келбеди, бугунку кундо ар бир атка минер озунун коррупция менен шектелип камалып жатканын себебин жакшы билишет себеби алардын баары оз учурунда мамлекеттин кащынасына кол салып жегени да белгилуу оздоруно бирок ага карабастан ууру тойгончо жеп олгончо карганат болуп, моюундагылары келбей жатканы бир чети кулкулуу, бир чети аларга тан калыштын кереги да жок.
21.07.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупционерге болушуп каршылык көрсөткөндөрдү сабаш керек.
SUPER.KG видео
21.07.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бериптир жашай берсин эки дуйно жомоктогудай!Бирок зекетин садагасын берип турган болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: