super.kg logo

Чыныбай Турсунбеков: "Уланбек Эгизбаев менен мурдагы күнү кечинде бетме-бет отуруп сүйлөшкөнбүз"

 

Депутат Чыныбай Турсунбеков маркум журналист Уланбек Эгизбаевди Бишкекте өткөн эскерүүдө акыркы жолу аны менен бетме-бет отуруп сүйлөшкөн адамдардын бири экенин айтып өттү. Анын айтымында, Эгизбаев ага телефон чалып, учурашып кетүүнү өтүнгөн.

"Менимче, Уланбек менен эң акыркы жолу бетме-бет отуруп сүйлөшкөн мен жана менин үй-бүлөм болсо керек. Мурдагы күнү кечинде Уланбек мага телефон чалып, "байке, каяктасыз? Учурашып кетейин" дегенинен "бир сааттан кийин кел, поэзия тууралуу сүйлөшөлү" десем келген. Мен ага которуп жаткан бир топ ырларды окуп берип, андан кийин социалдык маселелерди, жокчулукту, коррупцияны талкууладык. Коррупцияга келгенде ал көп нерсени биле турганына күбө болдум. Ал мага Кыргыз мамлекетинин кайсы жеринде коррупция бар экенин, изилдегенин, натыйжада эмне тапканын айтып берген эле. Өзгөчө Кыргыз мамлекетинде "коррупциянын символу" ким экенин, аны жоготмоюнча коррупция жок болбой турганын айткан.

Мен азыр төгүлүп-чачылып айтып жаткан сөздөрүн аягына чейин уксам болмок экен деп өкүнүп отурам. Уланбек өзүнүн жеке кызыкчылыгына келгенде өтө уяң, тартынчаак жигит болсо, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына келгенде оттон, суудан тартынбай турган азаматыбыз эле. Уланбектин иш аракетине дем бере турган биз элек, тилекке каршы, ал жагынан бизден кемчилик кетти. Кош, Уланбек! Негизгиси, келинчегиңдин боюнда бар экен. Аман-эсен көз жарып сенин тукумуңду уласын", - деп эскерди Турсунбеков.

Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай эскертүү, коркутуу же ууландырылган болушу ыктымал деген комментарийлер жазылган.






Жаш Журналист Улан Эгизбаев калың журтту кайгыга салып кете берди

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
23.07.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ХХХХХХХХХХ Улан өзү да жакшы билсе керек журналист үчүн суу эн кооптуу эле. Атайын уюштурулган бул. Кантип эле ошончо күндөн бери чөкпөй кетеер күнү чөксүн.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-23 18:13:46
23.07.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
jalguzum, ХХХХХХХХ Эгер сууга озу чогуп олду болсо Кыргызстанда адилеттуулук калыстык жок болот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-23 18:19:00
23.07.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Azat.97, jalguzum, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынат! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
23.07.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Билбегенден кийин бир нерсе деп айта албайт экенсин. Ажал деп эле унчукпай койсон дагы ичин ачышат. Жети баштуу ажыдаардан эле коросун да. Ажыдаар деле копко узабайт анын башын ала турган да адам бардыр. Келинчеги аман эсен коз жарып чындык жарыка чыксын деп тилейли.
23.07.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыныр иш кырк жылда билинет
SUPER.KG видео
23.07.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсыкпы? жэээ тиги.. буйрутмабы дегенге тили барбай шекшинип жатат го панионаттын директору. Сомнения менен суйлоп жатпайбы. Бул деген кырсык болду деп уверенно айтса да иии дейсин
23.07.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ким олтуртсо еки дуйно жыргабасын,тукуму жакшылык корбосун.Баардык жаман нерселерди каалайм.
23.07.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыныбай мырза, ачыгын айтчы, Уланбек менен поэзия тууралуу суйлоштунорбу же ХХХХХХХХХ
Ал жигит акын эмес эле го, ага ырларынды окуп бергидей?!! ХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-24 11:39:27
23.07.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Chagylgan1,Озу айтып жатат го... коррупциянын уюгун билчу экен деп!!! Тийиштуу жерге кабарлап койгон чыгаар...Колго кетеерин да билген
да!!!
23.07.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх кандай гана окунучтуу....Аллахым жазасыз койбойт кимдин кылганы болсо да.Байкуш аялына жалко.
23.07.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Корупциянын символу ким экенин билген болсо, аны Чыныбайга айтса ошол символго Чыныбай алёоо,алёоо деп шыбырап койбодубу?
SUPER.KG видео
24.07.2018. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!Бейишке барсын!кесиптештери умут силерде,чындыкты издегиле.Акмактар,атасы менен тен кишилер,жаш баланын козун тазаладынарбы.Бул дуйнодо Уландын элеси тынч уктатпасын,аркы дуйнодо тозокко куйгуло.Элдин каргыгы жети атанарга тийсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: