Ысыкта суусуз калган Жеңиш конушунун тургундары: "Күндүз кечке иштеп, кечинде үйгө келип суу ташымай..."





Ар жылы жай мезгилинде Бишкектин чет жакасындагы көпчүлүк конуштарда ичүүчү суу көйгөйү жаралып келет. Жаралган көйгөйгө себептер ар түрдүү: конуштун башында жашагандар ичүүчү сууну бакча сугарууга, курулуш иштерине колдонуп, суунун басымы төмөндөгөндүктөн конуштун аягына жетпей калат. Же болбосо сууга болгон элдин карызы, убагында оңдолуп түзөлбөгөн суу түтүктөрү себеп болушу мүмкүн. Мына ошондой суу көйгөйү Жеңиш конушунда да орун алууда.
Быйыл жай мезгилинин июль айы адаттагыдан катуу ысып, аномалдык аптап күтүлдү. Мындай ысыкта суусуз калган жеңиштик тургундар азыркы тапта дагы суу жок отурушканын айтып, нааразы болушууда. SUPER.KG порталы элдин үнүн угуп кайтты.
"Күнүгө 2-3 маал болгон идишибизди көтөрүп алып бала-бакыра менен суу ташыйбыз. Күндүз кечке жумуштарыбызда иштеп жүрүп, чарчап үйгө келсең жуунганга суу жок. Ушундай абалда жашап жатканыбызга 10 күндөй болду. Дал ушул маалда өлкөдө аномалдык аптап күтүлүп, күн адаттан катуу ысыды. Сууну бекитип койгонунун себеби, эл насосторду иштеткен үчүн электр энергиясына карыз болуп калганы", - дешет тургундар.
Конуштагы суунун чыкпай жатканынын себеби 10 жылдан бери суу насостору иштетилип жатып, электр энергияга болгон элдин карызы 595 миң сом болуп кеткен дейт Жеңиш конушунун башчысы Өскөн Нурбаев. Анын айтымында Жеңиш конушуна 2008-жылы суу берилген.
"Андан кийин ортодон подрядчиктер карматпай кетип калышып, конуштун суу чарбасы шаардык суу чарба ишканасына өткөрүлүп берилбей калган. Андан бери сууга деп чогулган каражат оңдоп-түзөө иштерине колдонулуп жатып, төлөмдөр дарегине жетпей жүрүп отурган. 2014-жылдан баштап, жеңиштиктер өзүбүздү өзүбүз камсыз кыла баштаганбыз. Түтүн башына 50 сомдон чогултуп, буга эл өзү да макул болуп, түшкөн каражатты оңдоп-түзөө иштерине сарптап келгенбиз. Кийин акимчиликте атайын комиссия түзүлүп, суу маселесин көтөргөндө, ал жактан МТУ башчылыгы "эл акимчиликке келбей турсун, маселени чечебиз, өзүңөрдү өзүңөр 6 ай каржылап тургула" деген. Ошондон бери элдин карызы минтип 500 миң сомдон ашып кетти", - дейт Өскөн Нурбаев.
Жеңиш конушунун эли сууну конуштан обочороок жайгашкан суу коругунан ташып ичүүдө. Коруктун кароолчусу Кадыр Жээнбеков кароол башчы корукту жап деп кысымга алат, эл болсо бала-чакасын жетелеп алып, чака-чайнеги менен жалдырап сыртта топтолуп турат. Ортодо чайналып, элди кантип суусуз калтырам деп кыжалат болом деп көзүнө жаш алды.
"Кечээ ымыркайын бооруна кысып бир жаш келин сууга келиптир. Эми ошону кантип киргизбей коём? Жарым саат эшикти ачпай койсоң эл мобу жерге топтолуп кетишет. Элге суу керек да. Агып жаткан сууну кантип жашырып бербей коёсуң? Айла жок, корукту ачып берип жатабыз".
Эми электр энергияга кеткен чыгымды конуш тургундары төлөп бүтмөйүнчө суу берилбейт. Мындай маалыматы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Руслан Шарапов бөлүштү. Анын айтымында, 10 жылга төлөнбөй келген элдин чыгымы түтүн башына 1300 сомду түзөт.
"2008-жылы курулган суу коругу кандайдыр бир себептер менен шаардык суу чарба ишканасынын балансына өтпөй калган. Андан бери конушта жашоочулар көбөйүп, насосторду орнотуп, коруктан сууну ошол насостор аркылуу чыгарып ичип келишкен. Насос иштетүүгө кеткен электр энергиясына болгон карыз тууралуу эч ким ойлонгон эмес. Эл насостордун иштеп турушун камсыздоо үчүн гана акча-тыйын чогултуп келишкен. Ошентип 10 жыл өтүп, быйыл 2018-жылы февраль айында конуштун суу чарбасы шаардык суу чарбасынын балансына өттү. Эми элге сууга карата төлөмгө бирдиктүү тариф коюп берүү үчүн эл 10 жыл колдонуп келген энергияга болгон карыздан кутулушу керек. Ар бир түтүнгө 10 жылга 1300 сомдон тийди, тактап айтканда, ар бир жылга 130 сомдон бөлүнүп жатат. Бул да жеңилдетилген эсептөө. Эгер аны коммерциялык баа менен эсептеп бергенибизде, элдин карызы 1 миллион 151 миң сом болуп кетмек. Анан элдин өтүнүчү менен "Түндүк Электр" ишканасына кайрылып жатып, жалпы суммадан 778 миң сомду кыскарттык", - дейт Руслан Шарапов.
Аномалдык аптапта ичүүчү суусуз калган Жеңиш конушу





1 |