Психиатриялык ооруканада жаткан жоокердин апасы: "Баламды ооруканадан чыгарып аскердик мөөнөтүн аягына чейин өтөөгө мүмкүнчүлүк беришсин"
"Баламды ооруканадан чыгарып, аскердик мөөнөтүн аягына чейин өтөөгө мүмкүнчүлүк беришсин" деген кайрылуусун бүгүн, 10-августта маалымат жыйында "Ала-Тоо" полигонунда аскердик кызматын өтөп жатып кордукка кабылган жоокер Карыбек Сейитаалы уулунун апасы билдирди.
"Балам өзү көк бөрү боюнча "Мурас" командасынын мүчөсү болчу. Өз ыктыяры менен аскер кызматын өтөөгө кеткен. Алгач чалып кызматын жакшы өтөп жаткандыгын айтып турчу. Бирок акыркы жолу чалганда ал кордук көрүп, кызмат өтөөгө келгенден тартып ар кандай чарбалык жумуштарды жасап жатканын айткан. Бул маалыматтарды уккан соң биз Аскер прокуратурасына кайрылганбыз. 2 ай күттүк, эч кандай жыйынтык болгон жок. Мындан улам укук коргоочуга кайрылууга аргасыз болдук. Азыркы тапта балам психиатриялык ооруканада жатат. Жоокерлерди полигондун алардан чоң даражадагы аскерлери бутка атып ойношуптур. Ошол маалда балам эсин жоготуп жыгылыптыр. 2-3 күн Улуттук госпиталга жаткырышып, андан соң психиатриялык ооруканага которуп жиберишкен. Медициналык кароодон өткөн балам аскер кызматын өтөөгө келгенден кийин эле психикалык жактан ооруган адамга айланып калабы?
Мен баламды ооруканадан чыгарып, аны аскердик мөөнөтүн толугу менен өтөөгө мүкүнчүлүк беришин талап кылам. Айтып отурса жоокерлер көптөгөн кордуктарды көрүшүптүр, эми бул иштер толугу менен тиешелүү органдар тарабынан иликтенишин көзөмөлдөө керек", - дейт жоокердин апасы.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан 6 жоокер кордукка кабылгандыгы тууралуу ата-энелер арыз менен кайрылгандыгын айтып чыккан. Башкы штабдын өкүлү Темирбек Козуев билдиргендей, Кой-Таш айылындагы №73809-аскердик бөлүктөгү "Ала-Тоо" окутуу борборунун командирлери кылмыш иши козголгон соң ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Жоокерлерди токмоктоп, кулдай иштетип, акчасын алып жүргөн делген кызматкерлер иштен айдалды


1. Биз деле ал аскер болукто жакшынакай эле кызмат кылып, милдетибизди аткарып келгенибизге аз эле болду.
СМИге маалымат бергенде Бир жактуу кароо жана ошол боюнча кабыл алуу туура эмес менин оюмда.
2. Кой Таш аскер булугу - бул легендарлуу гвардиялык а/б. Ким кызыгып кызмат кылган болсо, тарыхын окуса билет. Шаг тебишти 1 ай КМБда(курс молодого бойца) эле уйротуп коет