super.kg logo

Телевидениенин отличниги, белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

 
Маркум Салтанат Саматованын атасы Орозбек Түгөлбаев
Алып баруучу, маркумдун кесиптеши Эркин Рыскулбеков
Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова
Тамада, алып баруучу Эшенкул Барпиев
Салтанат Саматованын уулу

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарында белгилүү алып баруучу, ди-джей, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, телевидениенин отличниги Салтанат Саматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, маданият ишмерлери, эстрада ырчылары жана маркумдун жакын туугандары, кесиптештери катышты.

10:00. Маркумдун кесиптеши, алып баруучу Эркин Рыскулбеков: "Өзү рак менен ооруса дагы онкологиялык оору менен ооруган балдарга жардамын берди", - деп эскерди.

10:09. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков: "Салтанат Саматованын иши бизге өрнөк болуп калат. Кийинки муунга чоң сабак болот. Салтанат эже, сизге жалпы жамаатыбыздын атынан рахмат айтам. Өтө жаш кетти, калган жашын балдарына берсин. Жакындарына көңүл айтам".

10:11. Тележурналист, жазуучу, профессор Байма Сутенова: "1996-жылы Салтанат Саматованы радиого ишке алганбыз. Салтанат радиого башкача көрк берди. Анын үнү, интеллекти угармандарын артынан ээрчитти. Ооруганын эч бир билдирген жок. Анын жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маектеринде эмгек жолун Кыргыз радиосунан баштагам дегени жүрөк жылытарлык болчу. Салтанат, жарыгым, сендей шакирттерибиз менен сыймыктанабыз. Чоң иштерди жасап кеттиң. Жакындарыңа көңүл айтам".

10:17. Тамада, алып баруучу Эшенкул Барпиев: "Эң биринчиден, арты кайрылуу болсун. Карындашыбыздын мыкты сапаттарын айтып өттүңүздөр. Салтанат экөөбүз "жакшылыкты аял киши башкарбайт" деген сөздү жарчылык өнөрдө талашып келдик. Мен кыргызча, ал расмий тилде жакшылыкта алып баруучулукту аркаладык".

Боздоп турат чар тарап,

Боорубуз эле Салтанат

Бейишке барып кирсинчи,

Периште турсун калкалап", - деп эскерди.

10:20. Маркумдун атасы Орозбек Түгөлбаев: "Кызымдын кесиптештери, жакындары, баарыңыздарга рахмат айтам. Биз кандай кайгырып жатсак, силер дагы ошондой кайгыга баттыңар. Эфирден, радиодон Сакиним (Салтанат Саматова) тууралуу көп маалымат берилип жатты. Ошонун баарын көрүп, кызым менин эле эмес, элдин кызы болгон турбайбы деп калдым. Кызым 4 жашка чыкканда бала бакчага киргизгем. Орусча билчү эмес. Эки айдан кийин бала бакчадагы бир майрамда орусча алып барган. Салтанаттын кесиптештери, теңтуштары бизден дагы көп, ашыгы менен жакшы иштерди жасады. Мына, Эркин Рыскулбеков апта сайын келип, абалын сурап турду. Нурила деген курбусу 2 күндүн биринде тамагын жасап көтөрүп келет. Атыбызды атабай койду деп таарынбагыла. Баарыңардын жардамыңар зор болду. Кызым асмандагы ак жылдыздай жанбай, жаман эле кыз болсо ушундай ооруга чалдыкпайт беле деп ойлойм. Рак менен ооруганын теледен айтып чыгып жүрдү. Ошондо "айтпай жүрсөңчү, кызым" десем, "ата, бул ооруну укканда башкалар мүңгүрөбөй жашасын деп айтып жатам" дечү эле. Онкологиялык оорулар менен ооруган балдарга канча жардам кылды. Китеп которуп бер деп мага келгенде 3 китеп которгон элем. Салтанатым бизге кантип жашаганды үйрөттү. Баламдын бейишин берсин".

10:31. "Бир нече мүнөттөрдөн кийин Салтанат Саматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Ушуну менен коштошуу зыйнаты аягына келди" деп Эркин Рыскулбеков сөзүн жыйынтыктады.

10:47. Эркин Рыскулбеков: "Салтанат Саматова менен 10 жыл чогуу иштешип калдык. Такыр жок дегенди билбеген, жарандык позициясы күчтүү адам эле. Ал тубаса талант болчу. Биз иш-чараны уюштурууда сценарий жазып даярдансак, ал эч кандай даярдыгы жок эле чыгып, эфирди алып кетчү. Каза болордон 2 күн мурун Динара Аляева экөөбүз аш жасап алып барганбыз. Салтанат ашты аябай жакшы көрчү. Бирок аштан даам таткан жок. Көрсө, абалы оорлоп суу эле ичип жатып калган экен".

10:55. Алып баруучу Нурсултан Майназаров: "Адамгерчиликтүү жан эле. Теле, радио жаатында чоң эмгек жасап кетти. Канчалаган жаш муундар таалим-тарбия дагы ала алды".

10:56. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков: "Салтанат Саматова өзү ооруп турса дагы онкологиялык оору менен ооруган балдарга жардам берип, кайрымдуулук иштерди көп жасаган. Ошол кайрымдуулук иштерге биз дагы эжебиздин аркасы менен катышып калдык. Өзү абдан ак көңүл, адамдын көңүлүн ойлогон жан эле. Эми эжебизди сагынабыз".

10:57. Ырчы Самат Дөөлөтбаков: "Салтанат Саматованы Күнгө теңесек туура болчудай. Дайыма күлүп-жайнап, позитивдүү жүргөнү менен эсибизде калды. Мындай адамдар аз жашайт тура. Салтанат Саматова тууралуу айта берсе сөз бүтпөйт. Жаны бейиштин төрүнөн орун алсын".

10:59. Кесиптеши Арстанбек Абдыманов: "Ушул жерде турганда эң жакшы сөздөрдү айткым келет. Салтанат Саматова экөөбүз 1999-жылдан бери чогуу иштештик. Мындай адамды, аялзатын, кесиптешти, мээримдүү энени, акыл-наасатын айтып турган кыргыздын кыраан кызын табуу кыйын".

Белгилүү болгондой, кечээ, 15-августта алып баруучу, тамада, ди-джей Салтанат Саматова 46 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Бул тууралуу анын атасы Орозбек Түгөлбаев маалымдаган.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн.1996-жылдан тарта "Европа плюс" радиосунда иштеген. Андан кийин телеалпаруучулук кызматты аркалаган. Кийинчерээк ар кандай коомдук иш-чараларды, 2012-жылдан тарта “Акыл Ордо” теледолбоорун алып барып, 20 жылдан ашуун убакыт медиа тармагында иштеген. Кыргыз журналистикасына кошкон салымы үчүн 2016-жылы маданиятка эмгек сиңирген ишкер наамы менен сыйланган.

Салтанат Саматова 2011-жылы рак илдетине кабылган.

Анын артында жолдошу жана бир уул, бир кызы калды.


кошулду





Белгилүү теле алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнөн жай алды

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
16.08.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ыйманыныз саламат болсун, эжеке. Аллах Фирдаус бейишинен орун берсин. Ажалга айла жок экен аттин!
Biinura түзөттү 2018-08-16 10:14:31
16.08.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тенирим жаткан жерин жай кылсын. Арбагы ыраазы болсун. Ушундай билимдуу илимдуу айымдар арабызда коп болсун. Эн башкысы абдан билимдуу айым эле.
filis түзөттү 2018-08-16 10:19:26
16.08.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
filis, Теңир деген ким өзү?
19.08.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Tyty1990, Алланын 99 атынын бири.
16.08.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери бейиштин бакчаларынан болсун!
16.08.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жериниз жайлуу болсун,алахым бейиштен орун берсин!
16.08.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаназа окулган жокбу? Же мен корбой калдымбы?
16.08.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу жокпу?!
16.08.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаратканым бейишин берсин эжебиздин!
16.08.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
altyn7776,Tyty1990,filis,madina.87, жеке айтышууларга тыюу салынган. Ал үчүн купуя кат бар. Билдирүүлөр өчүрүлдү!
16.08.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Гул койгон болбосо керек мусулмандарда
16.08.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай жакшы создорду тируусундо айтылса гана..эхх азап дуйно.....
SUPER.KG видео
16.08.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун жакшы адам эле бугун коштоштук
SUPER.KG видео
17.08.2018. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теленин корку болчу, шан берип, дайыма шандуу журчу. Кыргыз эли дагы бир таланттуу кызынан ажырап, чон жоготууга учурады. Аттин, Айла жок.

Аллахым бейишин берсин..
SUPER.KG видео
17.08.2018. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериңиз жайлуу болсун
17.08.2018. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Аллахым бейишинен орун берсин .
SUPER.KG видео
18.08.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже рактын кайсы туру менен оручу кайсы жеринен рак болгон?
18.08.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы деле ишеналбай жатам
SUPER.KG видео
20.08.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун аттин дуйно жакшы адам эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: