super.kg logo

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү жерге берилди (фото)

 

Бүгүн, 16-августта белгилүү алып баруучу, ди-джей, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, телевидениенин отличниги Салтанат Саматованын сөөгү жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкек шаарында өтүп, Салтанат Саматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, маданият ишмерлери, эстрада ырчылары жана маркумдун жакын туугандары, кесиптештери катышты.

Белгилүү болгондой, кечээ, 15-августта алып баруучу, тамада, ди-джей Салтанат Саматова 46 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Бул тууралуу анын атасы Орозбек Түгөлбаев маалымдаган.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн.1996-жылдан тарта "Европа плюс" радиосунда иштеген. Андан кийин телеалпаруучулук кызматты аркалаган. Кийинчерээк ар кандай коомдук иш-чараларды, 2012-жылдан тарта “Акыл Ордо” теледолбоорун алып барып, 20 жылдан ашуун убакыт медиа тармагында иштеген. Кыргыз журналистикасына кошкон салымы үчүн 2016-жылы маданиятка эмгек сиңирген ишкер наамы менен сыйланган.

Салтанат Саматова 2011-жылы рак илдетине кабылган.

Анын артында жолдошу жана бир уул, бир кызы калды.






Белгилүү теле алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнөн жай алды

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
16.08.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ыйлап алдым.Ыйманы салават болсун...
16.08.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кылган эмгектерине туболук таазим. Келечек муундарга улгу боло турган ушул айымдай болгон билимдуу, эмгекчил адамдар арабызда коп болсун.
16.08.2018. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун
16.08.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өмүрүмдө биринчи жолу тааныбаган кишиге барып топурак салдым..Сыйлаганымдан, топурагы торко болсун Салтанат айымдын(((
16.08.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aydinnur,жаназа окулдубу
16.08.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эхх эжеке сизди айыгып кетсе керек деп ойлочумун, бирок ажалга айла жок тура, айыкпаган оору алып тынды. Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун.
16.08.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун,эмне учун Уланбек Эгизбаевди Ала Арча корустонуно коюшкан жок
16.08.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш,эжекебиз эрте кетти.Жайы жаннаттан болсун!Ата-эне,үй-бүлөөсүнө,бир туугадарына, досторуна сабыр тилейм.Үнү булбулдай эле,эхх!Ооруну жашырбаш керек,андан көрө алдын алалы деп элдерге айтыш керек деген эле.Элдер,ооруга чыдап жүрө бербей,батыраак текшертип жүргүлө
SUPER.KG видео
16.08.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун жакшы адам эле бугун коштоштук
SUPER.KG видео
17.08.2018. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теленин корку болчу, шан берип, дайыма шандуу журчу. Кыргыз эли дагы бир таланттуу кызынан ажырап, чон жоготууга учурады. Аттин, Айла жок.

Аллахым бейишин берсин..
17.08.2018. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаркыраган жылдыздардын бири эле теленин.
Жаткан жери жайлуу болсун,Жаратканым бейиштен орун ыроолосун!(((((
SUPER.KG видео
17.08.2018. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериңиз жайлуу болсун
SUPER.KG видео
18.08.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже рактын кайсы туру менен оручу кайсы жеринен рак болгон?
SUPER.KG видео
20.08.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун аттин дуйно жакшы адам эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: