super.kg logo

Костюм-шымчан эс алган президент кимдин багын ачты?

 
Таирбек Ерматов "Утуп алган белегимди колумдан түшүргүм келбей жатат" деп сүйүнүп жатты.

"Көлдүн сөзү"
Аа-бу, ханым, костюм-шымчан жасанып?

Бирок чиркин, чыкыясың жашарып.
Сени көрүп толкунданып, кубанып.
Сүйүнүчтөн көзгө турам жаш алып.

Чеч костюмду, ичте арман калтырба.
Ыштанды да, шыпырып сал тартынба.
Көл суусундай адал, таза иштей бер.
Карапайым калкың турат артыңда.

Тиги турган кайыкка түш, калкысын.
Түз иштесең, Кудай түздөйт аркысын.
Эски хандар, каргыш алды көбүрөөк.
А сен элдин алып калгын алкышын.

Дал ушул ыр саптарынын автору Таирбек Ерматов SUPER.KG порталы жарыялаган сынактын жеңүүчүсү болду. Таймаш жүздөгөн окурмандардын көңүлүн буруп, кызуу өттү. Сооронбай Жээнбековдун эс алуудагы сүрөтүн президенттин расмий фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган эле. Президенттин көл боюнда костюм-шым кийип, жалгыз кайыктын жанында түшкөн сүрөтү өзгөчө белгиленип, коомдо кызуу талкууга алынган.

Сынактын шарты боюнча окурмандар президенттин эс алуудагы сүрөтүнө ыр же кара сөз түрүндө аталыш жазышы керек эле. Окурмандар позитивдүү, тамаша аралаш, сын көз карашты камтыган түрдүү билдирүүлөрдү жазышкан. Үч билдирүү редакция тарабынан мыкты деп тандалып, окурмандардын добушуна коюлган. Оригиналдуу жана кызыктуу аталыш деп эсептеген билдирүүгө окурмандар добуш беришти.

Жеңүүчү деп табылган окурманга атайын байге - смартфон берилди. "Добуш берүү токтотулгандан кийин жеңгенимди көрүп сүйүндүм, секирип бийлегенге мүмкүнчүлүк болбой калды" деген Таирбек Ерматов сезимдери менен бөлүштү.

- Сынакка кантип катышып калдыңыз?

- Сынак тууралуу жарыяны Соңку кабардан окуп, катышып көрөйүнчү деп ыр жаздым. Көп адамдар жазып жатышканын көрүп жеңем деп ойлогон эмесмин. Утканыма дале ишенип-ишенбей турам. Бул да болсо чыгармачылыкка дем-күч берет экен.

- Ырыңыз "А-бу, ханым" деп башталганы да өзгөчө экен.

Өзүм Лейлектен болом. Бизде "А-бу, А-шу" дегенди көп колдонушат. Өзүмдүн стилим да ушундай десем болот. Сынактын шартында оригиналдуу болуусу жазылган экен. Кызыктуураак болсун деп ушинтип баштадым. Добуш берүү токтогондон кийин жыйынтыгын көрүп ишенбей кайра-кайра карап толкундандым. Секирип бийлегенге мүмкүнчүлүк болгон жок.

- Анда окурмандардын пикирин дагы окуп турсаңыз керек.

- Сынакта жеңүүчү болот, жеңилүүчү болот. Бул сынактын жеңүүчүсүн бир адам чечкен жок. Ал жакта көп каршы чыккандар болду. Көпчүлүк жакшы көрүп жаткандан кийин сүйүнүп калат экенсиң. Силер да катышкыла, уткула. Форумга киргениме 4-5 жыл болду. Ар 10 мүнөт сайын жаңылык чыгып турат, ошондуктан порталга тез-тез кирип турам.

- Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Лейлек районунда туулгам, 37 жаштамын. 2000-жылдары Орусияда соода менен алектенип жүргөм. 2007-жылы Москвада курулушта иштеп жүрүп үчүнчү кабаттан кулап кеттим. Ошондон кийин буттарым баспай калды. Москвада туура эмес операция жасап коюшуптур. Бишкектеги дарыгерлерге барганда алар жүлүнгө омуртканын сыныгы сайылып калганын айтышты. Басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар дешкенден кийин бир жыл мурун операция жасаткам. Азыр көнүгүүлөрдү жасап, басып кетүүгө аракет кылып жатам. Апам экөөбүз жашайбыз. Үй оокаттарын өзүм кылам. Карындаштарым үй-бүлөлүү. Жазган ырым аркылуу жеңүүчү болгонум мага эргүү болду. Мындан кийин да жакшы ырларды жазууга аракет кылам.

- Жеңишиңиз кут болсун! Чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайбыз!


кошулду





Костюм-шымчан эс алган президент кимдин багын ачты?

Автор: Наргиза Өмүрбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 22 
Комментарийлер(63)
16.08.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сыйлык белек кут болсун Такебай. Аллахым шыпаасын берип тезирээк Аргымактай чуркап кетиниз. Ден соолук, журогунузго терен Ыйман каалайм!
16.08.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куттуктайбыз
16.08.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сыйлык кут болсун! Денсоолук каалайм.
16.08.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыныгы ээсин тааптыр
16.08.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куттуктаймын,азамат.Сыйлыгыңар кут болсун!
Мен да добуш берген элем,силерге.Кубанычтамын.
16.08.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Одноклассниктен жакшы ырларды жазат бирок анча мынча сын айткандарды чёрный списокко кошо бергени жакпа ды. Бир аз сынды дагы туура кабыл алыш керек. Кудайга ширк келтирген ырын окуп мындай болбойт деп комментарий жазсам кара тизмеге кошуп коюптур
16.08.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен да ушул ырдын авторуна байгени берип,суротун чыгарып койгула деп суранган болчум.Азаматсын брат!Ушуну чыныгы жениш десе болот,дайыма эле тааныш аркылуу же байдын баласы утуп кетти-деп жаза берет элек.Накта карапайым жигитке тийиптир байге,коп элдин колдоосу менен.Бутунуз сакайып басып кетиниз аке!!!
SUPER.KG видео
16.08.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы татыктуу жазгансыз , Жениш кутуу болсун, Кудай колдоп басып кетиниз
16.08.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илмиянов авана бир шингил а бу кылып кой эми.
16.08.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Админ сураныч ушуга окшогон Сынактарды жарыялап турсанар Алда канча кызыгыраак болот экен.
17.08.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eli.91,сунушуңуз эске алынды, аракет кылабыз. Рахмат!
16.08.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайым шыфаа берип басып кетин. Жениш сизге чыгармачылыкка эле эмес жашоого болгон ишенимди жогорулаткандыр. позитив менен мындан ары аракетиниз кайтып басып кетин
16.08.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай ден-соолук берсин! Сыйлыгыныз кут болсун, насип кылсын.
16.08.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Конкурска катышкан 3 теманын бироосунун автору катары женуучуну чын дилден куттуктайм. Женуучуну коргондон кийин бул оюм андан да бекемделди. Албетте бул ырдын юмордук жагы озгочо роль ойноду окшойт. Ошентсе да(ажо жакшы иштеп жатабы жаман иштеп жатабы озунчо соз)динибизге, уй-булолук баалуулуктарга озгочо маани берген адамга "чечип сал ыштанды" деген жери жаман болбосо да бираз олдоксон болду корунот. Автордун дартына Кудайым шыпаа берсин.
Ngazi түзөттү 2018-08-16 23:32:37
16.08.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы
SUPER.KG видео
16.08.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз сыйлыгыныз кут болсун! Дагы да кучтуу ырларды жаза бергиле. Мага да ыоыныз жаккан. Аллахым шыпаа берип тез айыгып кетиниз.
16.08.2018. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахтын суйгон пендеси экенсиз ушундай жакшы кутулбогон суйунучтор жашоонузда коп болсун!
16.08.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыйлык кут болсун.
16.08.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
siylyk eesin tabyptyr kut bolsun. kelechekte myndan sonun yrlardy jarata ber.
17.08.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Суперден смартфон, Жеенбековтон болсо операциясына жардам Белек болсо жакщы болмок.
17.08.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patiydin,кана эми ошондой болсо
17.08.2018. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
самсунг А6 ээсин табыптыр. Мындан кийинки сынактарда ауди А6 утунуз.Байге кут болсун. Бутунузга КУДАЙЫМ шыпаа берсин.
17.08.2018. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырас эле утулупмун кут болсун
17.08.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asemanur,Алла ыраазы болсун сага
17.08.2018. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Белекке татыктуу ыр экен, инсан дагы, рахмат супер анфо!!!
SUPER.KG видео
17.08.2018. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлыгыңыз кут болсун. Азаматсыз! Жакшы болуп кетиңиз.
17.08.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президент эс алууну чет мамлекетке пландабай Ысык-Клд тандап алганы чоң эрдик. Бул дагы президенттин айкөлдүгү, жөнөкөйлүк сапаты десем болот.
17.08.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сыйлыгың кут болсун иним чыгармачылык ийгилик ден-соолук батыраак басып кет
17.08.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тайир аке сыйлык кут болсун Аллахым шыпаа берип басып кетиңиз
17.08.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат кут болсун сыйлык
SUPER.KG видео
17.08.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дартты берген Аллах Шыпаасында берет Ин ша Аллах Буйруса баары жакшы болот акам
SUPER.KG видео
19.08.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик байке айыгып кетиңиз
SUPER.KG видео
20.08.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм!!!!
Эртерээк сакайып кетиңиз ден соолук
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: