Базар-Коргондо 78 миллион сомго жаңы бала бакча курулууда
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында 75 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Курулуш министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушка жалпысынан 78 миллион сом бөлүндү.
"Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1569 чарчы метрди түзөт. Анда балдардын ойноосу, уктоосу жана тарбиялык сабактарды өтүүсү үчүн бөлмөлөр, ашкана, дарыгердин кабинети жана кабылдама жайгашат. Учурда курулуш иштеринин 75 пайызы аткарылды. Объекттин курулушу Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө", - деп кошумчалады мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















