"Тазалык" ишканасы ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу иштерин баштады
Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасы ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу иштерин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, муниципалдык ишкананын кызматкерлери жана атайын техникалары тарабынан контейнер аянтчаларынын жанына тургундар алып чыгып койгон эски эмеректерди, керексиз көлөмдүү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын тазалоо жана ташып чыгарууда.
Таштандыларды массалык түрдө чыгаруу иштери шаар мэринин тапшырмасынын негизинде уюштурулганы маалым болду. Иш-чаранын негизги максаты - борбор калаанын тургундарына үйлөрүндө жана короолорунда топтолуп калган эски, керексиз буюмдардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Эске салсак, акция эки күнгө созулуп, саат 09:00дөн 17:00гө чейин өткөрүлөрү айтылды.
21-ноябрдан кийин таштандыларды чыгаруу иштери белгиленген графикке ылайык, кадимки тартипте улантылары кабарланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















