Президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө 74 шайлоо участогу түзүлдү
Кыргызстандын чет мамлекеттердеги жарандарын президенттик шайлоого катыштыруу үчүн 33 өлкөдө 74 шайлоо участогу түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоо участокторунун эң көбү Орусияда ачылды. Анда 20 участок иштейт. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5, Корея Республикасы менен Италияда 3төн участок түзүлдү.
Ал эми Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу уюштурулду.
Калган 23 участок Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларуссия, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда ачылды.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
"Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландалууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кийинчерээк жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















