super.kg logo
  Спорт  

Мээрим Жуманазарова: "Улуулар менен күрөшүү оорураак, алар абдан күчтүү болушат"

 

24-августта Индонезиядагы Жайкы Азия оюндарына катышып ийгилик жараткан балбандар кайтып келишти.

Анда кыз-келиндер арасындагы мелдеште коло медалды тагынган Мээрим Жуманазарова SUPER.KG порталына мелдеш тууралуу айтып берди.

"Мелдеш аябай жакшы деңгээлде өттү. Үчүнчү беттешимде, тилекке каршы, кытайлык атаандашыма жеңилип калдым. Жана 3-орун үчүн беттеште япониялык балбан менен күч сынашып, аны утуп коло медалга ээ болдум", - дейт ал.

Ошондой эле Мээрим Жуманазарова атаандаштары тууралуу жана жаштар менен улуулар арасындагы күрөштүн айырмасы тууралуу айтып берди.

"Мелдешке ар бир өлкөнүн мыкты даярданган спортчулары келди. Ар бир беттеш мен үчүн оор болуп, колумдан келген күч-аракетимди жумшап колого татыдым. Жаштар арасындагы мелдеш менен улуулар арасындагы күрөштүн айырмасы өтө чоң. Жаштар арасында күрөшкөндө бизге кадимкидей эле жеңил сезилет. Ал эми улуулар менен күрөшүү биз үчүн оорураак, алар абдан күчтүү болушат" - деген пикири менен бөлүштү балбан.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова Жайкы Азия оюндарында коло медаль үчүн күрөшүп, япониялык Аяна Гемпей менен кез келип, 7:3 эсебинде жеңишке жеткен.






Азия оюндарынан 8 медалды багындырган балбандар өлкөгө кайтып келишти

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.08.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ийгилик!!!
25.08.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Айпери,Айсулуу Мээримдер бир озгочо жылдыздуу кыздар го,жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: