super.kg logo
  Спорт  

Айсулуу Тыныбекова: "Эң негизгиси Рио-2016 Олимпиадада медаль үчүн беттеште утулуп калган атаандашымды жеңдим"

 

24-августта Индонезиядагы Жайкы Азия оюндарына катышып ийгилик жараткан балбандар кайтып келишти.

Анда кыз-келиндер арасындагы мелдеште күмүш медалды тагынган, Кыргыздын атактуу балбаны Айсулуу Тыныбекова SUPER.KG порталына мелдеш тууралуу айтып берди

"Менин салмагымда атаандаштарым күчтүү болду, дүйнөнүн алдыңкы спортчулары келишти. Эң негизгиси финалдык беттешке чыкканга чейин Рио-2016 Олимпиадада медаль үчүн беттеште утулуп калган атаандашымды жеңдим. Бул беттеш мен үчүн абдан керек болчу. 62 килограмм салмакта күрөшүү салмагым жетпегени үчүн бир топ оор болду", - дейт ал.

Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова кайрадан козголуп калган жаракаты тууралуу айтып берди.

"Быйыл Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда дагы жаракатым айыксын деп катышкан эмесмин. Эми бул Азия оюндарына даярданууда жаракатым толугу менен айыкты деп ишенгенбиз. Өзүмдү жакшы эле сезип жаткам. Бирок акыркы эл аралык мелдешке барып, машыгуу учурунда эле жаракатым кайрадан козголду. Ага карабай мелдешке катышып, экинчи күнү финалдык беттешке чыкпай койгом. Эми Азия оюндарынын алдында жаракатымды дарылап, денемди жибитип эле жүрдүм. Эң негизгиси килем үстүндө машыгууларды жасаганга үлгүрбөй калдык. Биз Жайкы Азия оюндарына барып, кыз-келиндер арасындагы күрөш башталган күнү күрөшөбүз деген чечимге келдик", - деп айтып берди Айсулуу Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалда монголиялык балбан Оркхон Пуревдоржго жеңилип калды. Муну менен ал күмүш медалдын ээси болуп калды.






Азия оюндарынан 8 медалды багындырган балбандар өлкөгө кайтып келишти

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
25.08.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошондо женишин керек эледа, сен эмес мен да суйундум ошол Малик Сакиш беле ошону женди деп. Ошондо женет болчусун кичине ката кетирип алгансында. Болор иш болду эмки дуйнолук мелдеште буюрса АЛТЫН тагынасын деген умуттобуз.
25.08.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Риодо катарынан беттештерге чыга берип бираз чарчап калган,анан да калыстар адилеттуу болбогон.Сиз учун кубандым ошол индиялыкты женди дегенде,азаматсыз!
25.08.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Айсулуу бар бол.корунуктуу жылдыздарыбыз мына ушул спортчуларды куттуктап чыгаргандын ордуна Самараны куттуктагандары тан калтырды.
26.08.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулууга кыргызстандын биринчи даражадагы емгек синирген айымы наамы берилиши керек! Биз сени менен сыймыктанабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: