super.kg logo
  Спорт  

Машыктыруучу Нурбек Изабеков: "Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында толук даяр болбой катышууга мажбур болду"

 

Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында толук даяр болбой катышууга мажбур болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков билдирди.

"Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышты. Алар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова. Кыргыз элибиз баары күбө болушту, 3 балбаныбыз тең медаль тагынганга татыды. Айсулуу Тыныбекова буга чейин улуулар арасында мелдештерде көп ийгиликтерди жараткан. Ал эми Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы болгону 19 жашта. Булар жаштар арасында эл аралык мелдештерде, Азия жана Дүйнө чемпиондуктарына катышып жүрүшөт. Бирок алар жаш болгонуна карабай бул Азия оюндарында экөө тең коло медалга жеткени биз үчүн чоң ийгилик. Менин оюмча, кыздарыбыз 2020-жылы өтө турган Олимпиадада жогорку деңгээлдеги спортчулар менен таймаша алат", -деди ал.

Ошондой эле машыктыруучу Айсулуу Тыныбекованын салмак ченин алмаштырганы тууралуу төмөнкүдөй билдирди.

"Айсулуу Тыныбекова буга чейин 58 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп келген, эми Тыныбекова дүйнөлүк федерациянын эрежелери өзгөргөнүнө байланыштуу жогорку салмакта күрөшүүгө мажбур болуп жатат. Азыркы тапта Айсулуу Тыныбекованын салмагы 60-61 болуп жатат, ошондуктан жакынкы 2 жылда анын салмагын бир аз жогорулатып Олимпиадага даярданабыз", - деди Нурбек Изабеков

Мындан тышкары Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованын жаракаты тууралуу айтып кетти.

"Айсулуу 2017-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда колунан жаракат алып калган. Ошону менен биз 8 ай бою медициналык кароолордон өтүп, Германияга чейин барып келгенбиз. Ал калыбына келе албай Бишкекте өткөн Азия чемпиондугуна дагы катыша алган эмес. Ошону менен Азия оюндары келип калганына байланыштуу, Айсулуу 100 пайыз айыкпай, толук даяр болбой катышууга мажбур болду. Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында 4 беттеш өткөрдү. Ал беттештердин баары оор болуп, салмагы жетпегенине байланыштуу дагы кыйын болду. Машыктыруучу катары айтып кетсем, Айсулуу болгон эркин көрсөтүп, Кыргыз элине медаль алып келди", - деп кошумчалады машыктыруучу.






Азия оюндарынан 8 медалды багындырган балбандар өлкөгө кайтып келишти

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.08.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кумуш медал женгениго жакшы. Бирок башка шылтоо айтбайбы?
Эгер алтын алганда башкача айтмак куну-туну даярданып анын узурун кордук деп айтмак.
25.08.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң жакшы өмүр бою күрөшүп күмүш алалбай жүргөн спортсмендер канча. Азаматсын кыргыз элинин сүйүктүү кызы өмүрүң узун бактылуу кыздардан бол.
25.08.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айсулуу эс алып алчы алтыным. Чарчап да калдын. Сенин эмгегинди баалайбыз
Модератор admin_portal түзөттү 2018-08-25 17:41:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: