super.kg logo
  Спорт  

Машыктыруучу Азат Эркимбаев: "Кыргыз элиме алтын медаль алып келгенге аракет кылдык"

 

24-августта Кыргыз балбандар Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарынан кайтып келишти. Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев Кыргыз курамасынын жыйынтыктары тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Балдар жакшы ийгилик менен кайтып келишти деп эсептейбиз. Кыргыз элиме алтын медаль алып келгенге аракет кылдык. Тилекке каршы, оюбуз ишке ашпай калды. Бирок балбандарыбыздын жалпы жыйынтыгы жакшы болду. Акжол Махмудов тууралуу айта кетсем, бул балбаныбыз кичине жашыраак болуп калды, анын келечеги буюрса алдыда. Ал эми Каныбек Жолчубековдун катышканы тууралуу айтсам жакшы эле болду, анын атаандашы мыкты болуп калды", - деп айтты башкы машыктыруучу.

Эске салсак, Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинде Кыргыз өлкөсүнөн 6 балбан катышкан. Алар Кыргыз капчыгына 2 күмүш жана 2 коло медаль алып келишти. Күмүш медалдарды Каныбек Жолчубеков менен Акжол Махмудов тагынса, коло медалдарды Үзүр Жусупбеков менен Амантур Исмаилов тагынышты.






Азия оюндарынан 8 медалды багындырган балбандар өлкөгө кайтып келишти

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: