super.kg logo
  Саясат  

Депутат Карамушкина Райымбек Матраимовдун көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде VIP орунда отурганына нааразы болду (фото)

 

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде VIP орунда отурганына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

"Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Райымбек Матраимов келди. Ал кекирейип депутаттар жана өкмөттүн мүчөлөрү менен кол алышып учурашып, VIP орундарына отурду. Коррупцияга каршы күрөштү мамлекеттик чөнтөкчүлөр, паракорлор жеңип жатат. Мен башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директоруна кайрылат элем. Эмне үчүн Матраимов боюнча кылдат иликтөөнү президенттин алдына койбойсуңар? Кубанычбек Кулматов канча акча агымы бюджетке түшүшү керектигин так көрсөтүп, кызматтан алынып, УКМКнын абагына отургузулду. Кулматов грант бөлүп мектеп курганы, канаттуулар фабрикасына акча бербегени үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына отургузулду. Ал эми "Раимчик" өзүнүн элинен уялбастан, жашынбастан сырткы сымбатын көрсөтүүдө. Башкы прокуратурага, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына уят", - деди Карамушкина.

Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алынган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковду сотко берген. Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.


кошулду





Райымбек Матраимовдун Көчмөндөр оюндарында VIP орунда отурганы сынга кабылды

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: