Мамкурулуш мекемеси: "Тарых музейин ремонттоп жаткан СМУ-3 компаниясы келишимди бузуп жатат"

Музейдин реконструкциясын моюнуна алган СМУ-3 компаниясы белгиленген убакытка чейин бүтүрө албай, келишимди бузуп жатат. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Мамлекеттик курулуш мекемесинин өкүлү айтты.
Маалыматка караганда, курулуш иштери 2016-жылы башталып, 2 этаптуу капиталдык ремонт жүргүзүлмөк.
"Граниттин аянты 14 миң 27 чарчы метр, мрамор болсо 4 миң 479 чарчы метр болгон. Тендер эмес, конкурс өткөрүлгөн. 70 миллион сом капиталдык ремонтко кеткен. СМУ-3 компаниясы жеңген. Азыр СМУ-3 менен маселе чыгып жатат. Алар белгиленген убакытка чейин тапшырып бере элек", - деди Мамкурулуштун өкүлү.
Алардын айтымында, СМУ-3 компаниясы базасы чоң болгону үчүн жеңүүчү деп табылган.
"Ата Мекен" фракциясы Тарых музейиндеги коррупцияны, Гуревич, Белизгейт жана Салянованын маселесин талкуулады
Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aiba.8327

14.09.2018. 15:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы жерде майлуу ошол жерде СМУ-3 ушул фирма мындан жети жыл мурун биздин айылга суу чыгарганы боюунча тендерден утуп алышкан екен чала жасап бутуп кеткен ден кийин суу чыкпай калды сурага эч Ким жок .Ала Тоо конушундагы мектепти да ушулар салган Назарбаев берген акчага Аны да чала бутуруп былтыр чогуп баштады деп теледен корсотуу го ...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.