Москвадагы кырсыктан каза болгон жигиттин бөлөсү: "Биз жакыныбызды жоготтук, бирок шектүүгө күнөө арткан жокпуз"
9-сентябрдын таңында Москванын Марьино районундагы кырсыктан 21 жаштагы Аман аттуу жигит каза болгон. Каза болгон жарандын жакындары шектүүгө карата доо арыз жазбаганын SUPER.KG порталына маркумдун бөлөсү Алмаз Арыкбаев билдирди.
Алмаз Арыкбаев маркумга дайыма "түз жүр, этият бол, сак бол, бөтөн жерде жүрөсүң" деген кеңештерин айтып келген. Маркум спорт менен машыккан, оңго-солго баспаган бала экенин айтып буларга токтолду.
"Аман Орусияга иштейм деп келгенине 3 жылга чамалап калган. Бойго жеткен баланын жеке иштерине кийлигише ала албайт экенсиң. Бөлөм буга чейин эжеси менен чогуу жашачу, кийин жумушума жакын деп өзүнчө батирге көчүп кеткен. Бөлүнгөндөн 1 апта өткөндөн кийин, тагыраагы, 9-сентябрдагы кырсык болуп кетти. Окуяны видеодон көрдүм. Кырсыктын келип чыгышына эки жактын тең күнөөсү бар экен. Топ балдар жалгыз балага кол көтөрүп, ур-тепкиге алышыптыр. Сабалган Бекжан дагы ачуусу менен унаасын айдап кетиптир. Жабыркагандардын арасында бөлөм дагы болгон, бирок ал алган жаракатынан улам каза болду. Биз жакыныбызды жоготтук, ошентсе дагы шектүүнү жаман көрүп, ага күнөө арткан жокпуз. Бекжандын ата-энеси кечирим сурап, алдыбыздан өттү. Эки тарап бири-бирибизди түшүндүк. Кырсыкка шектүүнүн ата-энесине аябай боорум ооруйт. Кудайым алардын ишин жеңил кылсын. Уулу эртерээк аман-эсен чыгып, ата-энеси менен бирге болсун дейт элем. Бул сыноо", - деди Арыкбаев.
Маркумдун бөлөсү окуя болгондон кийин коомдо түрдүү кептер айтылганына зээни кейип төмөнкүлөргө токтолду.
"Кырсыктын келип чыгышы тууралуу коомдо ар кандай кептер айтылды. Бирок окуянын күбөсү болгон күндө дагы анын эмнеден келип чыкканын тактап, анан маалымат таратышса болмок. Айтылган кептер кырсыкка кабылгандарга, алардын жакындарына оор тийип жатат", - деди ал.
Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан. Ал эми кырсыкка шектүү 2 айга камакка алынган.
кошулду
Москванын Марьино районундагы кырсыктан каза болгон жигиттин жакыны: “Бекжанга күнөө артпайбыз”




















1 |