super.kg logo
  Спорт  

Акжол Махмудов: "Жайкы Азия оюндарынан соң калыбыма келе элек болчумун"

 

Бүгүн, 21-сентябрда Словакияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун чемпиону Эрбол Бакиров жана коло медалдын ээси Акжол Махмудов мекенибизге кайтып келди. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунда туугандары, достору жана башкалар тосуп алды.

Акжол Махмудов SUPER.KG порталына Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында жеңилүү ызасын тартып калгандыгынын себебин айтып берди.

- Акжол, мелдештен кийинки сезимдериң тууралуу айтып берсең?

- Мен өз максатыма жете албай калдым. Алтын медалды жана чемпиондук курду тагынып келем деген чоң ниет менен баргам. Тилекке каршы, бүгүн коло медаль менен келдим. Бирок, Кудайга шүгүр, нааразычылыгым жок. Жакшы күндөр алдыда деп ойлойм. Өзүмдүн каталарымды көрдүм, эми машыгып алардын үстүнөн иштегенге аракет кылам.

- Чейрек финалдык беттеште жеңилүү ызасын тартып калууңа эмне себеп болду?

- Спортто бир эле ката болот. Ким көбүрөөк эмгек кылса, ошол адам жеңишке жетет. Мында менин кылган эмгегим бир аз жетишпей калды деп ойлойм.

- Орусиялык балбан күчтүүрөөк болуп калдыбы?

- Жок, ал менден бир нерсеси менен деле өзгөчөлөнгөн жок. Экөөбүздүн упайларыбыз 1ден болуп, эсеп тең болуп калды.

- Анда калыстардын чечими туура болбой, сага тоскоолдук жаратып койгон жокпу?

- Азыркы учурда күрөштүн эрежелери ушундай болуп калган. Калыстар менен бир аз түшүнбөстүктөр болду, бирок ачыгын айтканда мен чындап беттеште жеңилип калдым. Анын үстүнө Жайкы Азия оюндарынан кийин калыбыма жакшы келе элек болчумун. Ошол эле учурда калган беттештерде өзүм ойлогондой жыйынтык көрсөттүм.

- АКШлык балбан тууралуу айтып кетсең, беттештен соң аны менен сүйлөшүп, кабарлаштыңбы?

- Спорт адамдарды бириктирет. Спортто өч алуу, көрө албастык деген жок. Бул Дүйнө чемпиондугуна мен америкалык балбандан өч алам деп барган эмесмин. Чемпиондук кур тагынып келем деп үмүттөнгөм. Камал Бей экөөбүз буга чейин деле сүйлөшүп жүргөнбүз, беттеш бүткөн соң дагы сүйлөштүк.






Дүйнө чемпиондугунда ийгилик жараткан спортчулар мекенибизге кайтып келди

Дүйнө чемпиондугунда медаль тагынган балбандар Словакиядан кайтып келишти

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу, Нурсултан Нурболот уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.09.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Иним! Курду бекем байлап тын бол! Али мындай беттешуулор коп болот! Кийинки беттешуулордо сага ийгилик каалайм!
21.09.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы ийгиликтер алдыда Акжол.
21.09.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Акжол,али жеңиштер алдыда көп болот,жакшы машыга бер.
21.09.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буйруса Токио 2020 олимпиадасында алтын медаль сеники болот!!!
21.09.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи чыгып келе жатканында жалындап куйуп турган от элен бара-бара очуп бараткандайсын Акжол эмнегедир жылдыз оорусу менен ооруп калгандай сезилесин. Машыгууну кучот сен Кыргыздын сыймыгысын алга Кыргызстан алга Акжол Ийгилик
SUPER.KG видео
21.09.2018. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: