super.kg logo
  Саясат  

Элчи Кылычбек Султан: "Президенттик аппараттан "учакта чуу салган чиновник тууралуу маалымат таратпагыла" деген тапшырма түшкөн"

 

Президенттик аппараттан "Түштүк Кореяда учакта чуу салган эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова тууралуу маалымат таратпагыла" деген тапшырма түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан билдирди.

"Ак Үйдөн мындай тапшырма түштү деп айтышканда биз жоопкерчиликти өзүбүздөн алуу үчүн бул тапшырманы аткаруудан баш тартып, маалыматты берүүнү чечкенбиз", - деди элчи.

Андан соң ал чиновниктин окуясынын чоо-жайын айтып берди.

"Сеулдагы аэропорттун кызматкерлери Каденованын сырткы белгилерине таянып, ал мас абалында болгонун документке белгилешкен. Ал өзү ичкен эмесмин деп жатып, учактан чыкпайм деп баш тарткан. Авиакомпания полиция кызматкерлерин чакырууга мажбур болгон. Жанында дипломаттык паспорту болгону үчүн элчилигибиздин дипломаттары чакырылган. Каденова өзүн өтө агрессивдүү алып жүргөн. Андан алкоголдук ичимдиктин жыты жыттанган. Кийин ал соолугуп баштап, учак менен учпай турганын түшүнгөндөн кийин дипломаттарыбыз аны башка шаардагы жатаканага жеткиришкен", - деди Кылычбек Султан.

22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан SUPER.KG'ге кабарлашкан. Аталган маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги да тастыктаган.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны ээлеген кызматынан бошотуу буйругуна кол койгон.


кошулду





Элчи Кылычбек Султан: "Президент же баатыр деген орден берет же куугунтукка кабылам"

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: