super.kg logo
  Саясат  

Элчи Кылычбек Султан: "Президент же баатыр деген орден берет же куугунтукка кабылам. Менимче, баатырлыкты берет деген жакшы ниетим бар"

 

Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуга албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйынында билдирди.

"Мен президентке элчиликтердеги мурдатан бери чечилбеген кемчиликтер тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүм. Тышкы иштер министрлигинин алкагында бул маселелерди чечүү мүмкүн болгон жок. 4 ай мурда президентке маалымдоо үчүн президенттик аппараттын башчысынын милдетин аткарган Досалы Эсеналиевге кайрылгам, бирок ал маалыматты уккан жок жана өлкө башчы менен жолугуштуруудан баш тарткан. Кийин президентке интернет аркылуу кайрылдым, эч кандай реакция болгон жок. Ортодо Жээнбековго маалымат жеткирбөө боюнча тоскоолдук болуп жатканын байкадым", - деди элчи.

Андан соң ал элчиликтерде болуп жаткан кемчиликтерди атап берди.

"Элчиликтерде акча талап кылган учурлар; чет өлкөдөн кымбат баалуу унааларды аткезчилик аркылуу жеткирүү фактылары; чет өлкөдө дипломаттык номерлерди пайдалануу фактылары; дипломаттык кызматка тиешеси жок адамдарга дипломаттык паспорт берүү фактылары. Мунун баарын мисалдар менен президентке маалымдайын десем тоскоолдуктар болууда. Мындан улам "төртүнчү бийлик" делген жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматты жеткирүүнү чечтим", - деп түшүндүрдү Кылычбек Султан.

"2016-жылы мен Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп иштегенимде автоунаа жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдар түшкөн. Көрсө, бул автоунаа биздин баланста эмес, бирок элчиликке катталган экен. Анын дипломатиялык номуру 02 болгон, элчиники - 01. Ал унаанын баасы 100 миң доллар экенин жана ал 2012-2013-жылдары Малайзияга чет өлкөдөн жеткирилгенин аныктагам. Ошентип биздин элчиликтин мурдагы кызматкеринин аты билинип калган. Тышкы иштер министрлиги бул унааны каттоодон чыгаргыла деген талап койгон. Мен бул мыйзамсыз иш деп каршы болгом. Кийин кызматтан алындым. Андан кийин автоунаа эмне болгону мага белгисиз бойдон калат. 2016-жылы декабрда мамлекетке жардам берейин деп Тышкы иштер министрлигине кайрадан кызматка барып калдым. Ишенимдүү өкүлү катары Малайзияга жөнөтүштү. Кайра барсам Кыргыз элчилигине таандык жогорудагы автоунаа Малайзиянын жаранына бекер өткөрүлүп берилиптир. Ал жарандын дарегин тапсак да, күч менен да алып келе албадык.

Мындан тышкары мыйзамсыз дипломатиялык статус берүү боюнча коррупциялык иштер белгилүү болуп баштаган. Ошол кезде президенттик аппараттын тышкы иштер боюнча бөлүм жетекчиси Сапар Исаков болгон. Ага бул иштер боюнча билдиргем. Андан соң УКМК келип, текшерүүлөрдү жүргүзгөн, бирок иш козгогон эмес. Коррупцияга тиешеси бар адамдар ТИМдин департамент башчы, орун басары, элчиликте жогорку кызматтарда иштеп жатканы абдан түшүнүксүз деп тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге кат жазгам. Андан жөндүү сөз уккан жокмун. Мындан кийин УКМКнын ал кездеги төрагасы Абдил Сегизбаевге кайрылгам. Ал бир кызматкерин чакырып, көрсөтмөлөрүмдү алган. Бир айдан кийин Сегизбаев жана Исаков кызматтан кетишкен. Июнь айында келип, Досалиевге кирип, "ушунча созулуп келген маселелерди президентке жеткиришим керек" десем, "Атамбаевге иштеп жатасыңар" деген негиз менен бир да сөзүмө реакция болгон жок", - деп айтып берди Кылычбек Султан.

Аягында журналисттер элчиден мындан аркы тагдырыңыз кандай болот деп сурашты. Ал: "Президент же баатыр деген орден берет же куугунтукка кабылам. Менимче, баатырлыкты берет деген жакшы ниетим бар", - деп жооп берди.


кошулду





Элчи Кылычбек Султан: "Президент же баатыр деген орден берет же куугунтукка кабылам"

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: