Бишкекте унаа токтотуучу жайда ур-токмокко алынган кызматкерге ишти токтотуу үчүн 150 миң сом сунушталып жатканы айтылды
Бишкекте унаа токтотуучу жайда ур-токмокко алынган кызматкерге айдоочунун жакындары ишти жаптыруу үчүн 150 миң сом акча сунуштоодо. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 23-октябрда унаа токтотуучу жайда ур-токмокко алынган жарандын Жумабек аттуу кесиптеши кабарлады.
Анын айтымында, окуядан кийин токмок жеген кызматкер иштен кеткен.
"Окуядан кийин көп өтпөй ур-токмокко алынган кызматкер жумуштан кеткен. Аны сабаган айдоочунун туугандары элдешүүгө бир топ аракет жасашты. Кийин ишти жаптыруу үчүн 150 миң сом сунушташканын уктук. Азыр эмне болуп жатканы белгисиз", - деди ал.
Окуя 25-сентябрь күнү Бишкектеги "Мега Комфорт" соода борборунун жанында орун алган. Анда айдоочу унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алып, бир күндөн кийин милиция тарабынан кармалып камакка алынган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына камакка алынган болчу.
кошулду
Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын кызматкерин ур-тепкиге алган айдоочу камакка алынды
Бишкекте айдоочу унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин сабап салды
Улгайган кызматкерди ур-токмокко алган жаран кармалды











1 |