super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов: “Мени КСДПдан чыгаруу партиянын ичиндеги тирешүүгө алып келет”

 

"Мени КСДПдан чыгаруу боюнча мыйзамсыз чечимдин жыйынтыгы партиянын ичиндеги тирешүүгө алып келет", - деген пикирин бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

"Мыйзамсыз чечимдин жыйынтыгы партиянын ичиндеги тирешүүгө алып келет, туруксуздукка алып келиши мүмкүн. КСДП бүгүнкү күндө республикадагы эң ири партиялардын бири болгондуктан, андагы ички тирешүүлөр саясий кырдаалга таасир бериши мүмкүн. Ошон үчүн мындай кадамга барыш үчүн орчундуу бир себеп болуш керек эле да, андай орчундуу себеп жок. Мен партиянын уставын, программасын, максаттарды чечүүдөгү карама-каршы иш кылган жокмун.

Мен атайын бирөөнүн айтканы менен адамдарды кабыл албайм. “КСДП Атамбаевсиз” деген активисттер Асылбек Жээнбековдун же кимдир бирөөнүн атынан келген эмес", - деди Өмүркулов.

Кечээ Иса Өмүркулов КСДПдан чыгарылганы белгилүү болгон. Партия тараткан маалыматка караганда, ал КСДПнын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган. Ошондой эле КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында Иса Өмүркуловду КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонгон.






КСДП Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды. Өмүркулов макул эмес

Автор: Сталбек Абдижалил уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: