super.kg logo

Самара Каримова 1 күн иштеп, кайрадан жумушунан алынды

 

Ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болбой калды. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын SUPER.KG'ге маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айтып берди. Министрдин белгилешинче, буйрук мыйзамсыз болгон.

"Самара Каримованы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрукка мага чейин министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Секимов кол койгон. Бирок анда мыйзам бузуулар болгон экен. Себеби ал киши буйрукка кол коюп, андан кийин Ташкент шаарына учуп кеткен. Буйрукту каттоо учурунда бул жерде болушу керек эле да. Ошондуктан иликтеп чыгып буйрукту азыр жокко чыгардым", - деди Жамангулов.

Жаңыдан дайындалган министр Каримованын кайра өз ордуна дайындалбашы мүмкүн экенин кошумчалады.

"Ал жерге кесипкөй адамдарды карап көрүшүбүз керек. Башында эле бул маселеге каршы болчумун. Анткени бизде атайын квалификациялык талаптар жок экен, талаптар болуш керек", - деди Жамангулов.

Самара Каримованы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук 24-октябрда чыгып, ал эмгек жамаат менен расмий түрдө тааныштырылган болчу.

Ырчы буга чейин да "Сулайман-Тоо" музейине директор болуп дайындалган. Бирок көптөгөн талкуулардан жана сын-пикирлерден кийин кызматтан баш тарткан.

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрдук бө­лү­мүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ырчы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.


кошулду





Самара Каримованы окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(55)
01.11.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Эң туура!!!
01.11.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самара эми кандай комментарий берет экен?
01.11.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Байкуш дагы облом болду ушинтип отуруп бир куну чын эле бир жерге чон болуп калбаса эле болду
01.11.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akniet_kg96,озу министр болупбу?
01.11.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Өздөрү эле атайын койумуш болуп кайра алып шылдыңдап атышат да.
01.11.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жетекчи болсо тойдо ким ырдайт?))) Тойдо ырдаса,ким жетекчи болот жана кайсыл убакта?
Pandora түзөттү 2018-11-01 21:15:03
01.11.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул эмне деген министрлик тушко чейин бир буйрук,туштон кийин экинчи буйрук? Маданият кызматкерлерин, андан да Самара Кармованы шылдындагандыкпы же атайлап мазакташ учун? Эмнеге анда коллективге тааныштырышат? Буйрукту ойлонуп,ойлобой эле чыгара беришеби?Мындай минстрликтин барынан жогу, иш кылбай эле интрига менен алектенип отурушат окшойт,бири буйрук чыгарып,экинчиси аны жокко чыгарып. Самара сотко берсе болот министрликти бир дайындап,кайра алып абройун тебелешкендери учун
01.11.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аракет кылам бар кучум мн деди беле чыйк чыйк деп)))))
01.11.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Абышкасы Асан Министрликтин Ош облусу боюнча өкүлү го, жарым министрликти кармап отурат. Самараны улам бир кызматка койдура албай эле убара...
01.11.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
2,3 саат мурун Инстада мен директор болгон окуу жайдын абалы деп суротторду киргизди элего..
01.11.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Воо эн жакшы чечим. Андан башка бизде абдан таалыгып - такшалган маданият кызматкерлери бар го, ошолордон койсун.
01.11.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бугунку кундун эн жакшы жанылыгы
01.11.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошондой эле болсунчу!
01.11.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ихуууу кана Самара ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-02 11:34:21
01.11.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Убактылуу иштеген министр да кеткиче жеп алайын майлуу местага отургузуп,-деп кол коюп шарт Ташкентке качкан экен да.Жаны жаш министр туура кылыптыр.Тажрыйбалуу стажы бар адамды койгула Самарадан башка адам тугонуп калгансып,ошону эле ар жерге начальник кыла албай эле убара болбой.Куйоосу озунон жапжаш катынды алып,берген убадасынын бирин аткаралбай жатса керек да!!!
01.11.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эн туура кылды министерство. Бул жаш келин да, бай чалга тийип. Таанышын болсо танкасын деген заман болуп жатат
01.11.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Чымчык сойсо да касапчы сойсун деген макал чындык.Эч жерде иштебей эле сразу директорлукка жармашып өлдүгө ушул кыз.Эч өзүнүн орду кайда экенин билбейт экенда.Азамат экен жаны министр.
02.11.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
madina.87,+ коём деп - басып алдым,
менден 1000000 +++++
01.11.2018. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Каримова директор болгон убактада иштей алмак эмес,эн туура чечим болуптур!!!
01.11.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Торпоктун жугургону саманканага чейин деп койотго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: