super.kg logo

Конор Макгрегордун басканын туурап мамыга чыккан электрик: "Силер мени туурабагыла, коопсуздук баарынан маанилүү"

 

Интернет желесинде Конор Макгрегордун басканын туураган видео кызуу талкууга алынган. "Видео тамаша иретинде тартылган, коомго тарап кетерин билген эмесмин" деди Макгрегордун басканын туураган Адилет Асанбеков SUPER.KG порталына.

"Видео Бишкек шаарында тартылган. Түшкү тамактануу учурунда досум келип калды. Ал менен сүйлөшүп жатканда, менден "Электриктер мамыга кантип чыгат? Көрсөтүп койбойсуңбу?" деп суранган. Мен тамаша катары, Макгрегордун басканын туурап мамыга чыккам. Мамынын башына чейин чыккам, бирок аягына чейин мушкердин басыгын уланткан эмесмин. Досум бул учурда мени видеого тартып алыптыр. Тамаша иретинде башка балдарга жиберип, видео интернетке тарап кетти.

Бул видеодо мен коопсуздук эрежесин сактабай мамыга чыкканым үчүн жетекчилик тарабынан тийиштүү чара берилди. Жакынкы арада коопсуздук эрежеси боюнча сынак тапшырам. Азыр ага даярданып жатам", - дейт ал.

Адилет Асанбеков "Түндүк электр" ишканасында 1 жыл 7 айдан бери электрик болуп иштейт. Ал өзү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Мен 21 жаштамын. Чүй облусунун Токмок шаарынын тургунумун, кесибим боюнча электрикмин. Жумуш убактысында андай тамашаларга жол бербешим керек болчу. Видео интернетке тарап кеткенден кийин аны студенттер, балдар жана башкалар дагы көрөт. Алардан мени туурабашын суранам. Анткени коопсуздук баарынан жогору турат", - деп кошумчалады Адилет Асанбеков.


кошулду





Конор Макгрегорду туурап баскан электрик

Конор Макгрегордун басканы

Конор Макгрегорду туурап мамыга чыккан электрик Адилет Асанбеков: “Мени туурабагыла”

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
Медиа-портал
15.11.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мында эч кандай нерсе жок, байкуш баланы талап жон эле. Андан коро миллион жегендерди кустуралы достор
15.11.2018. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Красавчик Киргизский Конор
15.11.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Красавчик болуп турат . Эми бийлик дагы ушундай нерселерге гана адилеттуу болуп кетти го . Мышык олтургондорго . Журот наркомандар бандиттер опколор
Медиа-портал
15.11.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Музыка окшошпой калыптыр
Медиа-портал
15.11.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай басып атып женилип калдыбы ошондо? Нурмогамед женди да ээ
Медиа-портал
15.11.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оа да жапжаш бала бсо каны суюк убагы дагы эркекче суйлоптур молодец жигит экен турмушка тын созго бекем бала корунот ээми 21де болсо келечегин алдыда. Эми бул тамаша да созсуз эле туптуз журуш керекпи?! Бул жакшына эле ойдо басыптыр го
15.11.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
ТЭЦтеги жегенжерди кустургулачы андан коро, катардагы электрикке тийишпей. Жаш бала экен эми...
SUPER.KG видео
15.11.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыгып койду эми, эмне болмок эле. Жаш бала, колунан баары келет. Эң негизгиси элге зыян келтирген жок, уурулук кылмыштуулукка барган жок. Жок жерден жигитти урушуп, эскертүү берип, артынан видеого да тартып чыгарып салды.

Жашай бер дагы эле ушундай оптимист болур, Конордон да өтүп кет Кудай буйруса . Ийгиликтер коштосун !!!
Началствоң ...... , менден салам айт.
15.11.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иним кыжаалат болбо.
15.11.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
За то канча адамга кулку тартуулады бул жигит,жуз миндеген адамдар жыргап кулуп коруп атышты видеону,позитив тартуулаганына рахмат айтам!))))))
Медиа-портал
16.11.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат экенсин Озуда красавчик экенсин Иним, Ишине ийгилик.
SUPER.KG видео
18.11.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cонун бала экен
Медиа-портал
18.11.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Петушок
Медиа-портал
23.11.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rapas, өзүң ошондой
SUPER.KG видео
18.11.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты туураганы :)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: