Депутат Тиллаев: "Иштеп жаткан пенсионер же пенсия, же айлык алышы керек"
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев 50 миллиард сом пенсия берүүгө кетип жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кыргыз мамлекети пенсионерлердин өлкөсүнө айланды. Укук коргоо органдары жана башка органдардын көпчүлүгү 30-35 жашында пенсияга чыгып, иштеп пенсия, айлык дагы алып жатат. Канча киши пенсияга чыгып, мамлекеттик кызматта иштеп жатат?" - деп сурады эл өкүлү.
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдиргендей, жалпы 648 миң пенсионер бар. "Ошонун ичинен бүгүнкү күндө 40 миңден ашык пенсионер иштейт. Анын 90 пайызы мамлекеттик мекемелерде эмгектенет", - дейт Исраилов.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мыйзам боюнча 65 жашка чейин мамлекеттик кызматта иштесе болот деп жазылган. "Бул нерсе жетекчилерден көз каранды. Кээ бир жетекчилер "пенсияга чыгыптырсыз" деп узатып коюп жатышат. Айрым мамлекетте иштеген пенсионер пенсиянын базалык бөлүгүн албайт", - дейт өкмөт башчы.
Депутат бул маселени карап көрүү керектигине токтолду. "Ал кишилердин тажрыйбасы сөзсүз керек. Бирок мамлекеттик кызматта айлык алгандан кийин пенсия алууну токтотуп туруш керек. Айлык же пенсия алсын. Бул маселени тез арада чечели", - деди Тиллаев.
кошулду
Депутат мамкызматта иштеген пенсионерлерге нааразы болду


Пенсиясы 3000-4000 болсо эмнеге жетмек эле, озун ойлончу?!!
- Эй Таабалды, сен озун маянанды бешене тер тогуп алып жатасынбы?!! Акыркы бир айда канча жолу сессияга келип катыштын, ошого жооп берчи?!!
Озунор эшек жайлор болуп каалаганда келесинер, каалаганда кетесинер, Ак уй силерге проходной двор. Анан акыл уйротконунорго кантейин!!! ХХХХХХХХХ
ХХХХХХХХ пенсионерлердин пенсиясы 3000-4000 сом болсо, бул эмнеге жетет деп... Оздору ошол акчага жашап корсо билмек...
Кыйын акылдуу экен, Отунбаевага окшоп 70-100 минден пенсия алгандардын пенсияларын кыскарткыла, 5-10 мин кылып... Колундан келеби?!!
Бизге норма президент келбесе онугушубузго козум жетбейт....