super.kg logo

"Тез жардам" кызматы: "Бишкекте бейтап аялдын мас абалындагы күйөөсү фельдшерди сабады"

 

Бишкекте "Тез жардам" чакырган аялдын мас абалындагы күйөөсү фельдшерди сабады. Бул маалыматты "Тез жардам" борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов тастыктады.

Маалыматка караганда, Калыс-Ордо жаңы конушуна "Тез жардам" кызматына чакыруу 19-ноябрда саат 23:50дө келип түшкөн. Кызмат саат 1:09да бейтапка барган.

"Жаран тамагы ооруп, дене табы көтөрүлүп кеткен. Ал күндүз аймактык поликлиникага барып көрүнгөн учурда дарыгер тиешелүү дары-дармектерди жазып берген. Бирок өз убагында дарыларды ичпегендиктен абалы начарлаган. Фельдшер өз кеңешин берип үйдөн чыгып келе жаткан маалда бейтаптын мас абалындагы уктап жаткан күйөөсү туруп фельдшерге кол көтөргөн. Ал кызмат кеч келгенин айтып нааразы болгон. Унаага отурайын деп жаткан маалда да дарыгердин артынан чуркап барып уруп баштаган. Айдоочу экөөнү ажыратып милиция кызматын чакырган", - дейт Шаяхметов.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматы үчөөнү тең наркология бөлүмүнө алып барып текшерген. Жыйынтыгында "Тез жардам" кызматынын фельдшери жана айдоочусу соо экени, ал эми аларга кол көтөргөн адам мас абалында экени аныкталган.

Шаяхметов белгилегендей, окуя муну менен эле бүтүп калган эмес.

"Көп өтпөй милициянын нөөмөттөгү капитаны диспетчерлерге чалып "Тез жардам" кызматы атайын кеч келерин жана чыр-чатакты ошолор уюштурарын билдирип күнөөлөгөн.

Мени таң калтырганы өз кызматын так аткарып жаткан биздин кызматкерлерге кол салуу болуп жатса, буга күнөөлүү адамды кармагандын ордуна аны коё берип эле тим болбостон кайра чалып бизди күнөөлөгөнү болду", - деп билдирди башкы дарыгер.

SUPER.KG порталы бул боюнча нөөмөттөгү милиция кызматкеринен жана фельдшерди сабады делген тургундан пикир алып жарыялоого даяр. Учурда тиешелүү тараптар менен байланышуу аракети жүрүп жатат.


кошулду





Бишкекте жардамга кечигип келген дарыгер сабалды

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
20.11.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Маңкурттуктун туу чокусу. Биздин медицина баткакка батып отурат. Себеби элден эч кандай колдоо жок. Жакында элди дарылаганга дарыгер жок болот. Айласыздан акча төлөп частный мед.центрге кайрыласыңар. Элдин жаман мамилесинен мен дагы кеттим мам.ооруканадан. Азыр кубанычтамын, частный фирмада иштейм .
20.11.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициянын капитаны оз милдетин билбейт экен. Кайсы закондо ушундай кылууга болоору корсотулуптур. Мындай капитанды жумуштан айдоо керек чининен ажыратып...

Капитан тергоочу болбосо, тез жардам болумуно чалып "силер куноолуусунор" деп айтууга ага ким укук берди?!!

Жумуштан бошотулсун мындай капитан!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-20 17:10:46
20.11.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тез жардам деген эле аты бар.Мен 2 балам ооруп чакырсак 4 саатта келген келип алып дагы суйлонот кундузу врачынарга барбайсынарбы туну чакырбай деп
20.11.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bars88, силердин кызматы. Суйлонбой милдетинерди аткаргыла дегиле. Биздин тологон налогтон алар айлык алып иштешет. Ал Эми аларга кол которгондук жапайычылык. Мен Бир жолу чакырып тунулгом. Диагноз кое алышпайт. Баргыла жолунарга тушкуло дегенмин.
20.11.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми тез жардам кызматы чакыруу тушкондо уйдо мас киши жокпу деп сурап анан барып калат го дейм.
SUPER.KG видео
20.11.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iras kilat emnege kechiget 1 saat 19 miutta kelinchegi olup kalsa emne bolot ele
21.11.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас кылат тез жардамдагыларды, мынданда батарин корсотуш керек аларга
21.11.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башына тушпосун. Башына тушуп жанын кыйналганда андан батар болуп журбо.
SUPER.KG видео
21.11.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал байкушта эмне күнөө? Мамлекеттик абалын көрүп, билип туруп фельдшерди урган адамдын колу сынсын деп эле каргайм. Бир убакта 10 жерден чакыруу түшсө жетишпейт да. андай кыйын экен частныйга чалбайбы. Өлүп баратса такси деген неме бар любой жерге жеткирет. Билем алардын кечигип келерин, мен деле далай жолу күткөм. Кечиккенде баламды ооруканага алып баргам. Бала аларга эмес, мага керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: