super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: "Президенттердин баары сүйрөлүп келгени үчүн азыр кесепети тийип жатат"

 

Бүгүн, 21-ноябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйынын берип жатат. Ал өлкө президенттеринин баары даярданып, такшалып келбей, сүйрөлүп келгени үчүн өнүгүү болбой жатат деген пикирин билдирди.

Ал өз сөзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбеков тууралуу айтып жатып "мен аны сүйрөп келдим" деген сөзүн мисал кылып төмөнкүлөрдү айтты.

"Мен сүйрөп келдим эле" деген - өтө катуу айтылган сөз. Азыр сүйрөлүп келүүчүлөрдүн кесепети тийип жатат. Күрөшүп, жалындап музда тоңуп, кулап, кээде күлүп, кээде ыйлап бышкан азаматтар келбестен, сүйрөлүп келгендердин кесепети тийүүдө. Мына, 1991-жылы Аскар Акаевди сүйрөп келишти. Ал киши "мен парашюттан түшүп калдым, даяр эмес болчумун" деди. Кийин Курманбек Салиевич "мен тамак ичип отурсам эле "жүрүңүз" деп алып келип, отуругузушуп коюшту" деген. Роза Отунбаева "жалаң эркектер бар экен, жалгыз сиз аял экенсиз" деп мени коюшту" деди. Кийин Алмазбек Атамбаев "каражат керек болуп жатат, сизде бар экен" деп мага токтолушту" деди. Азыркы президент "менин президент эмес, өкмөт башчы болуу тушүмө кирген эмес" деген. Ал эми кичинесинен даярданып, кээде жаңылышкандар, такшалгандарды эмнеге койбой жатабыз. Анткени сүйрөп келе жатабыз да", - деди Адахан Мадумаров.






Адахан Мадумаров: "Президенттердин баары "сүйрөлүп" келгенинин кесепети тийүүдө"

Автор: Наргиза Өмүрбек кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: