super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурумда айыпталуучу Марс Бөдөшов көрсөтмө берүүдө

 

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум бүгүн, 28-ноябрда Свердлов райондук сотунда улантылууда. Анда айыпталуучу Марс Бөдөшов 4-май күндөгү ала качканы боюнча көрсөтмө берүүдө.

Айыпталуучун айтымында, ал Бурулай менен 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн.

"Биз Бурулай экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрчүбүз. Ага мен шакек салгам. Мен аны досторум менен тааныштырып, досторубуз менен чогуу тамактанууга барчубуз. Мен 4-майда Бурулайды анын макулдугу менен ала качкам. Ал окуган жерден сумкасын жана телефонун алып, автобекеттен экөөбүз Таласка жөнөп, бирок орто жолдон кайра кайтып келгенбиз", - деди айыпталуучу.

Азыркы учурда Марс Бөдөшов 27-майдагы каргаша тууралуу айтууда.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.






Бурулайдын өлүмүнө шектелген Марс Бөдөшов: "Бычак сайган-сайбаганымды билбейм"

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.11.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх Марс Марс сага дагы кыйын болду,адилетсиз соттордон жапа чегип кыйналдын
28.11.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматуу админдер жазсанар толук жазгыла кайра артка кайты анан кантип ошол жолго барды эмне себептен?
28.11.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Suzak12,шашпай тур дагы чыгат жанылыктын уландысы Марс эми корсотмо бере баштады.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: