super.kg logo

Дилфуза ажырашууну каалаган: 24 жаштагы келиндин өлүмү боюнча иш козголду

 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылынын 24 жаштагы тургуну Дилфуза Сайназарова киши колдуу болду. Маркумдун жакындары анын күйөөсүнүн колунан каза болгонун айтышууда.

Окуя 31-октябрда болгон. Маркумдун артында беш, төрт жана эки жаштагы үч баласы калды.

Маркумдун агасы "Азаттык" басылмасына берген маегинде, Дилфуза окуядан эки күн мурда ата-энесинин үйүнө келип, жолдошу менен жашагысы келбей турганын жана ажырашууну каалап жатканын билдирген. Бирок кийин кайнатасы аны көптөгөн убада менен кайра алып кеткен.

Эскерте кетсек, Баткен облустук милициясы аталган жагдай боюнча маалымат берген. Анда бул факт боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1995-жылы туулган маркум келиндин жолдошу кармалганын маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча, жубайлардын ортосунда кызганычтан улам пикир келишпестик жаралып, күйөөсү аялын сабап, муунтуп өлтүргөн деп шектелүүдө.

Белгилей кетсек, Дилфуза Сайназарова 2020-жылы турмушка чыккан. Быйыл медициналык колледжди аяктап, дипломдук ишин жактамак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: