super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндөгү БУУнун туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу: "Кытайда кордук көргөн жарандар боюнча аткарылуучу кадамдарыбыз кийинки аптада аныкталат"

 

Кытайда кордук көргөн жарандардын маселесин чечүү боюнча аткарылуучу кадамдар кийинки аптада аныкталат. Бул тууралуу журналисттерге Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Юкиэ Мокуо билдирди.

"Бүгүн, 5-декабрда мен бул делегациянын өкүлдөрү менен жолугуп, кырдаал боюнча алардын маалыматын алдым. Кыргыз өлкөсүндөгү координаторлуктун атынан айта кетсем, биз бул маалыматтарды Бириккен улуттар уюмунун ичиндеги маалыматтар менен салыштырып көрүп, ошого жараша жакшылап изилдейбиз.

Мен азыр туруктуу координатордун милдетин аткарып жатам. Кийинки аптада биздин туруктуу координатор өлкөгө кайтып келет. Ал келгенден кийин айтылган маалыматтарды кандай жол менен БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесине жеткирерибизди талкуулайбыз. Бириккен улуттар уюмунун негизги максаты элдин үнүн угуу жана тиешелүү жерге жеткирүү болуп саналат", - деди Юкиэ Мокуо.






Кытайлык кыргыз: "Кайра тарбиялануучу лагердеги атам, агам, жеңемден 1,5 жылдан бери дайын жок"

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Тилек Нуркулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: