super.kg logo

SUPER.KG порталы YouTube'дун "Күмүш баскычына" ээ болду

 

Кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталы жыл жыйынтыкталып бара жатканда окурмандарына кубанычтуу кабарын бөлүшөт. Бүгүн, 7-декабрда YouTube'дун Кыргыз өлкөсүндөгү расмий өнөктөшү болгон ABT Partners Genesis'тин директору порталдын YouTube'дагы каналына "Күмүш баскычты" тапшырды.

"Күмүш баскыч" YouTube каналынын авторлоруна жүз миңден ашуун катталуучу топтогондон кийин берилет.

Коомдогу курч көрүнүштөр, саясаттагы түрдүү маселелер, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн жаңылыктары камтылган SUPER.KG-YouTube каналына катталгандардын саны бүгүнкү күндө 450 миңден ашат. Катталуучулардын санынын арбышы каналдын кызыктуу, ар тараптуу виделорду тынымсыз жүктөп тургандыгы менен байланыштуу экенин YouTube'дун Кыргыз өлкөсүндөгү расмий өнөктөшү болгон ABT Partners Genesis'тин директору Анвар Давуров белгиледи.

"SUPER.KG'нин YouTube'дагы каналы жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, катталуучулардын саны боюнча эң алдыңкы орундардын биринде турат. Сайтта даярдалып, каналга жүктөлгөн маалыматтар Кыргыз өлкөсүндө гана эмес, чет өлкөдө жүргөн мекендештердин да кызыгуусун жарата алат. Анткени сиздер жүктөгөн видеолорду Орусиянын аймагында да абдан көп көрүшөт. Мындай натыйжага жетүү абдан кыйын, бирок сиздер аны жасап жатасыздар", - деди Давуров.

Анын айтымында, порталдын видеоканалы катталуучулардын санын миллионго жеткирип, "Алтын баскычты" алууга потенциалы, мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова YouTube'дун бул сыйлыгы жамаатка мындан ары да жигердүү иштөөгө стимул бере тургандыгын айтат.

"Дүйнөгө белгилүү брендден ушундай жакшы сыйлыкты алуу биз үчүн кубаныч. Ар бир колдонуучу издеген маалыматын биздин порталдан, каналдан таап жаткандыктан катталуучулардын саны күн санап, саат санап өсүп жатат деп ойлойбуз. Бул сыйлыкты алгандан кийин биз мурдагыдан да каналды кызыктуу кылууга далалат кылып иштейбиз, алдыдагы "Алтын баскычты" алууга аракеттенбиз. Биз менен болгондугу үчүн ар бир катталуучуга ыраазычылык билдиребиз, биз катталуучуларыбыз менен биргеликте гана чоң бийиктиктерге жете алабыз", - деди Сокушова.

SUPER.KG'ге тапшырылган "Күмүш баскыч" менен биргеликте берилген расмий катта: "Мындай көрсөткүчкө чоң күч, эмгектин артында жете алдыңыз. Бул үчүн биздин "Күмүш баскыч" кичинекей сыйдын белгиси болсун. Биз билебиз, сиздердин эмгек сыйлык алуу үчүн жасалган жок. Мунун баары сиздердин каналга кызыккан күйөрмандар үчүн жасалды. Ишениңиз, биз да кийинки жетишкендиктерди, жаңылыктарды чыдамсыздык менен күтөбүз. Миллионго жетүү абдан оор, алыс көрүнүшү мүмкүн, бирок сиздер ойлогондон ага жакынырааксыздар. Куттуктайбыз. Урматым менен Ютубдун директору", - деп жазылат.

Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталында бир айда 32 миллиондон ашуун кароо болот.


кошулду





SUPER KG порталы YouTube'дун “Күмүш баскычына” ээ болду

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(15)
07.12.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кутуктайм SUPER.KG порталы!!
11.12.2018. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dastan_nookat,Кечке мактана берет экен да супер
07.12.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Куттуктайм супер! Мындан нары дагы да ийгиликтерди жарата бергиле. Бирок силердин ар бир ийгилигинер окурмандардын салымы менен болот. Ошондуктан ар бир окурман корармандарга ыраазычылык билдиргиле. Чындыкты жазган өз сунушун айткан олкобуз үчүн ичи күйүп жаман билдирүү жазгандарды кара тизмеге киргизип билдирүүсүн өчүрбөй чындыкты жазып элдик гезит болгула
07.12.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Куттуктайм Супер инфонун жалпы жамааты!!!Бирок бир жери:адамдын уройун учурган кылмыштар деген жеринер бир аз одоно болуп калыптыр.
08.12.2018. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ийгилик
08.12.2018. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул чек эмес
08.12.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче булардын сайтынын колдонуучуларынын кобу эле Россиядагы мекендештерибиз болсо керек...
08.12.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Dembele84,сенчи
08.12.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куттуктайм сыйлыгыңар кут болсун,мындан да жогорку баскычтарга жете бергиле!
10.12.2018. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзүнү мактагандан өлө кач дечү эле. Жазылыңыз деп ар киргенде реклама кылып тиленсенер көбөйөт да анан
10.12.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bolotbek7404, ал илгерки замандын макалы, азыр өзүңдү өзүң мактайсын
10.12.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул жанылыкты уч кундон бери жазасынар. Кантседа баарыбыз эле кутуп окуйбуз. Куттуктайбыз ишинерге ийгилик.
11.12.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AIA-TOO, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
12.12.2018. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той качан?
12.12.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai, гезиттин же порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg, portal@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: