super.kg logo
  Саясат  

"Райымбек Матраимов КСДПга чын дили менен иштеп берген" дейт Сооронбай Жээнбеков

 

"Райымбек Матраимов КСДПга чын дили менен иштеп берген" деп бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

"Мен президент болуп 2017-жылы ноябрь айында келдим. Мага чейин Райымбек Матраимовго 8 жыл эч ким көңүл бурбай келген. Мен президент болгондон кийин аны "коррупционер" жана "Жээнбековдун жакыны" деп чыга калышты. Мен келгенден бери ал мамлекеттик кызматта иштебейт. Азыр соттошуп жатат. Өткөндө утуп алыптыр. Аны да менден көрүштү.

Мен тарыхты айтып кетейин. Кандай гана шайлоо болбосун, Матраимов КСДП үчүн чын дили менен иштеп берген. Бир тууганы Искендер Матраимов азыр парламенттин депутаты, иниси аким. Райымбек Матраимов 8 жыл жакшы болуп, мен келгенде жаман болуп калабы?" - деди Жээнбеков.

Мындан тышкары ал коррупцияга каршы күрөш чиновниктин даражасына, жакын тууганына карабай аёосуз болорун айтты.


кошулду





"Райымбек Матраимов КСДПга чын дили менен иштеп берген" дейт Жээнбеков

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: