super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков оппозициялык телеканалдын кабарчысын келекеледи

 

"Иним Асылбек Жээнбеков мени сөз болбосун деп коркконунан үйдө отурат" деп бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

Оппозициялык "Апрель" телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов Райымбек Матраимовдун байлыгы, ага карата президенттин реакциясы жоктугу, жоопкерчиликке тартылабы деген суроо берди. Ошондой эле бир тууганы Асылбек Жээнбековдун Кыргыз өлкөсүнүн кадрдык маселелерин көмүскөдө чечкен адамга айланып калгандыгы тууралуу кептердин анык-бышыгын сурады.

"Канат, кандай? Эптеп ойлонуп таапсың да ээ кечээтен бери ошол экөөнү?" - деп күлүп жообун баштады президент.

"Эгер Асылбек Шариповичтин мамлекеттик ишке аралашкан фактылары болсо, кеңселери болсо, даректерин бергиле. Канча журналист бар, барып тарткыла. Кеңсеси болсо, мамлекеттик ишке киришсе, чара көрөйүн деп жатам. Эч кимди аябайм", - деди өлкө башчы.

Андан соң ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу суроого төмөнкүдөй жооп берди.

"Матраимов мен келгенге чейин 8 жыл Бажы кызматында иштеген. Эгер пара алган факты болсо, текшерем, чара көрөм. Үйлөрү салынса, менин убагымда салынган жок да. Буюрса, факт болсо текшертем", - деп убадалады Жээнбеков.


кошулду





Сооронбай Жээнбеков оппозициялык телеканалдын кабарчысын келекеледи

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: