super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков SUPER.KG порталынын суроосунан буйталактап өтүп кетти

 

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи ирет журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Анын жүрүшүндө президентке SUPER.KG порталы төмөнкүдөй суроону берди.

2017-жылы өкмөт башчы кезиңизде сиз кызматка дайындаган кадр, транспорт жана жолдор министринин орун басары жакында ири өлчөмдө пара алып кармалды. Сиз бул үчүн министрдин отставкага кетүүсүн талап кылдыңыз. Ошол кадрды дайындаган адам катары өзүңүздүн отставкаңыз тууралуу ойлонгон жоксузбу?

"Транспорт министринин орун басары жакын болобу, жокпу кылмыш кылдыбы жооп берет. Кылмыш кылды, кармалды мына эми жооп берет. Анын жетекчисинин уяты бар экен "моралдык укугум жок" деп арыз жазып кетти. Анан тергөөнүн жыйынтыгы менен чечет", - деди президент.

Жооп толук берилбей калгандыгы үчүн журналист "Сиз менин биринчи суроомо толук кандуу жооп берген жоксуз. Сиз дайындаган кадр болуп жатат. Жоопкерчилик аласызбы?" деп суроону кайталады.

Ага Сооронбай Жээнбеков: "Бул кадрды мен өкмөттө иштеп жатканда койгонбуз. Андай кадрлар көп. Мен анын андай киши экенин, пара аларын билген эмесмин. Билсем койбойт элем. Ал өз жазасын алат. Ушул менин жооп бергеним", - деди.

14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде Транспорт жана жолдор министри болуп турган Жамшитбек Калиловду ордунан тургузуп алып катуу сынга алганы маалым. "Дүйнөгө шерменде болдук. Мен болгондо арыз жазып, тергөө бүткүчө убактылуу кызматтан кетип турмакмын. Четтеп турайын деп арыз жазбайсыңарбы?" - деген президент.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирген. Жусубалиев аталган кызматка Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турган кезинде анын буйругу менен дайындалган.


кошулду





Президент Сооронбай Жээнбеков SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берди

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: