Сооронбай Жээнбеков "кара касса" тууралуу маалыматтар боюнча: "Алардын максаты - элди дүрбөлөңгө салып, кайрадан бийликке келүү"
Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи ирет журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Анын жүрүшүндө буга чейин коомчулукта талкуу жараткан "кара касса", президенттин легитимдүүлүгү боюнча Сооронбай Жээнбековго SUPER.KG порталы төмөнкүдөй суроону берди.
Сиз эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында эң аз добуш менен шайланган президент болдуңуз. Ошол эле учурда сиздин өзүңүздүн штабыңызда иштеген адамдар жеңишиңизден күмөн санаткан абдан чуулгандуу маалыматтарды, мисалы, “кара касса”, добуш сатып алуу өңдүү маалыматтарды айтып чыгышууда. Өзүңүздүн легитимдүүлүгүңүз жөнүндө кандай ойдосуз? Эгер чуулгандуу компроматтардын негизинде, мейли, 5 пайыз добушка эле суроо жаралса, сизди президент катары саноо мүмкүн эмес болуп калып жатпайбы?
"Штабдын иши боюнча менин ишенимдүү кишилерим БШКга отчёт тапшырган. Ал кабыл алынган. Бул "кара кассаны" азыр ИИМ иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы айтылат. Эгер ошол чын болсо жооптуу кишилер жооп берет. Фарид Ниязов штаб башчысы болуп туруп "мен билбейм" деп анан өзүнүн эң жакшы көргөн адисин качырып жиберип ошол жактан айттырып жатат. Айтсын да ким берген, ким алганын. Бизде шайлоо системи жакшы систем. Ар ким өзү үчүн таштайт. Муну ар кандай жаман ойлору бар адамдар сценарий түзүп жасап жатат. Алардын максаты - менин легитимдүүлүгүм тууралуу айтып, элди дүрбөлөңгө салып, кайрадан бийликке келүү. Ага мен жол бербейм. Мен эл алдында ант бергем. Мени эл шайлаган. Мен мөөнөтүмдүн аягына чейин иштейм. Мамлекетти түндүк-түштүк кылып бөлгөнгө же башка нерсени алып чыгып дүрбөлөң салганга жол бербейм", - деди Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берди


